Президент Коргоо министри Бактыбек Бекболотовго катуу сөгүш берди

Президент Садыр Жапаров Коргоо министри Бактыбек Бекболотовго катуу сөгүш берди. Бул тууралуу 19-августта президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бекболотовго сөгүш «жүктөлгөн милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн» берилген. Ал эми так кандай кемчиликтер экени айтылган жок.

Каза болгон жана сабалган аскерлер

Күн мурда, Коргоо министрлиги Бишкектеги Аскердик институтта 19 жаштагы аскер каза болгонун билдирген. Министрликтен аскер кароол кызматында туруп «өзүн атып алганын» айтышкан.

Ал арада Коргоо министри Бактыбек Бекболотов окуя боюнча «Азаттыкка» комментарий берип, «Куралдуу күчтөрдөгү болгон окуяларды министрликтин дарегине кошо берүү туура эмес» деп билдирген. Ал акыркы окуялар — жаш балдардын аскерге даяр эместиги деп эсептеген.

Буга чейин, 17-августта, Ош шаарындагы Ички иштер министрлигинин 703-аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөн аскер каза болгон. Окуя болгон күнү эртең менен текшерип-өткөрмө пунктунда турган аскер «жыгылып түшүп», ошол бойдон турбай калганы айтылган.

Соттук-медициналык экспертизанын башчысы Кылычбек Насировдун айтымында, маркумдун денесинде зомбулуктун белгилери болгон эмес. Жоокер жүрөк оорудан каза болгону жана толук изилдөөнүн жыйынтыгы бир айдын ичинде чыгары кабарланган.

Ал эми июль айында Кой-Таш айылындагы аскер бөлүгүнүн бир жоокери октон каза болгон. Коргоо министрлиги жоокер курал колдонуудагы байкабастыктын натыйжасында кокустуктан ок чыгарып алганын айткан.

Ошол эле айда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде мөөнөттүк негизде кызмат өтөп жаткан жоокер Бекзат Эсенбеков катуу сабалып, ооруканага түшкөн. Жоокердин апасы уулу аскер бөлүгүндө акчанын айынан сабалганын билдирген.

Биринчи май райондук соту 8-августта Эсенбековдун катуу сабалышы боюнча кылмыш ишин токтоткон. Соттун маалыматына караганда, тараптар элдешкен.

Акыйкатчы Атыр Абдрахматованын демилгеси менен аскер кызматын өтөөдө адам укуктарынын сакталышы боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөн.

Жумушчу топ акыркы 5 жыл ичинде катталган жоокерлердин өлүмү, өз жанын кыюу, сабалышы боюнча фактыларды чогултуп, талдоо жүргүзөт.