Бишкек: Милиция велосипед тээп бараткан адамды коюп кеткен таксистти кармады

Бишкектин Патрулдук милиция кызматы велосипед тээп бараткан адамды коюп кеткен 1979-жылкы такси айдоочусун кармады. Бул тууралуу 10-июлда Kaktus.media Патрулдук кызматка таянып билдирди

Айдоочу велосипедчини коюп кеткен учур тартылган видеону соцтүйүндөрдүн колдонуучулары таратышкан.

Патрулдук кызматтын маалыматына ылайык, кармалган адамдын унаасы 9-июлда айып короого токтотулган.

Жабырлануучу журналисттерге кулап түшкөндө көгала тактарды алганын, айдоочу аны атайылап эле коюп кеткенин дагы айтып берген.