Оштогу Бабур театрынын актёру, Эл артисти Режабай Тажибаев дүйнө салды

Режабай Тажибаев. Сүрөт: Хамидулло Узаков, Kloop үчүн.

9-июлда Бабур атындагы Ош мамлекеттик өзбек музыкалык драма театрынын актёру Режабай Тажибаев 73 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Тажибаев Ош шаарында туулуп-өскөн. Бабурдагы эмгек жолун 1972-жылы баштаган.

Драма актёру катары «Кожо Насреддин» спектаклинде Кожо Насреддиндин ролун аткарып таанылган. Ошондой эле «Адилет» спектаклинде кичинекей баланын, «Тахир жана Зухра» спектаклинде Кара баатырдын, «Нурхон» спектаклинде Маматтын, «Бул чалдар — жаман чалдар» спектаклинде Махкамдын, «Айкөл Манас» спектаклинде Алманбеттин, «Таажы» спектаклинде Караандын ролун аткарган.

Ал эми «Бабур» спектаклинде Шайбанинин ролун чеберчилик менен аткарып, көптөгөн чет өлкөлүк режиссерлордун назарына түшкөн. Орто Азияга таанымал «Муножот» спектаклинде Дербиштин ролун, Лондон шаарында Шекспирдин «Ричард III» спектаклинде маскарапоздун ролун аткарып, Европа театрларынын сахналарында жылдызы жанган.

Тажибаев кыргыз театрына кошкон салымы үчүн 1990-жылы «Кыргыз республикасынын эмгек сиңирген артисти» наамына, 2009-жылы «Даңк» медалына татыган. Ал эми 2022-жылы «Кыргыз республикасынын Эл артисти» жогорку наамы ыйгарылган.

Кайталангыс талант, залкар актёр Режабай Тажибаев Оштогу Бабур театрына дээрлик бүт өмүрүн арнады.