«Унаа» мамлекеттик ишканасынын аймактар аралык секторундагы коррупциянын бети ачылды

ИИМге караштуу «Унаа» мамлекеттик ишканасындагы жүк ташуучу унааларды мыйзамсыз алып келүү жана бажыдан өткөрүү боюнча туруктуу коррупциялык схеманын бети ачылды. Бул тууралуу 10-июлда УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, мамлекеттик мекеменин аймактар аралык секторунун кызматкерлери материалдык кызыкчылыкты көздөп Казакстандын жана Кыргызстандын айрым жарандары менен кылмыштуу сүйлөшүүгө барып, мамбюджетке ири өлчөмдө зыян келтирген. 

«Алар ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн жасалма бажы документтерин берүү менен, импорттук жана бажылык мыйзамсыз канал түзүшкөн», — деп жазылат атайын кызматтын билдирүүсүндө. 

УКМКдан «Унаа» мамлекеттик ишканасынын аймактар аралык секторунун кызматкерлери 2009-жылы чыккан «Вольво ФН480» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааны Казакстан Республикасынын жүк-бажы декларациясынын негизинде каттоого алганын белгилешти.

ЕАЭБ бирдиктүү бажы тарифине ылайык бажы пошлинасынын суммасы 16 000 АКШ доллары (Улуттук банктын курсуна ылайык 1 млн.400 миң сом) болууга тийиш. Ал эми шектүүлөр документке 1230 доллар (105 850 сом) деп көрсөтүп каттого алган.  

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен 2022-жылдан январь-май айларынын аралыгында эле аталган коррупциялык схема менен Кыргызстандын аймагына 300дөн ашуун оор жүк ташуучу унаа кирип, каттоодон өткөнүн кошумчалашты.  

Ушул тапта «Кызмат ордун кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.