Өзбекстандагы президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча Мирзиёев жеңишке жетти

Өзбекстанда өткөн мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоодо учурдагы өлкө башчысы Шавкат Мирзиёев шайлоочулардын 87,05% добушун алып, жеңишке жетти. 10-июлда коңшу өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун алдын ала жыйынтыгын жарыялады.

«Шайлоо эл аралык норма, стандарттар жана улуттук шайлоо мыйзамдарынын негизинде, ачык-айкындык, эркиндик жана адилеттүүлүк сыяктуу демократиялык принциптерге толук ылайык, жогорку маанайда өттү», — деп билдирди өзбек Боршайкомунун төрагасы Зайниддин Низамходжаев.

Өзбекстанда өткөн шайлоонун алдын ала жыйынтыгы. Сүрөт: Өзбекстандын БШКсы.

Шайлоого Мирзиёевден тышкары Элдик-демократиялык партиядан Улугбек Иноятов, «Адолат» социал-демократиялык партиясынан Робахон Махмудова жана Экологиялык партиядан Абдушукур Хамзаев катышкан. Алар шайлоочулардын 4%дан ашык гана добушун алган.

Ал арада Кыргызстандын президент Садыр Жапаров Мирзиёевди «ишенимдүү жеңиши» менен куттуктады.

«Президенттик шайлоонун жыйынтыгы сиздин Өзбекстан элиндеги бийик кадыр-баркыңыздын, республиканын туруктуу социалдык-экономикалык өсүшүн камсыз кылууга багытталган прагматикалык жана көрөгөч саясатыңызга болгон элдин ишениминин жана колдоосунун айкын далили», — деди ал.

Өзбекстандагы президенттик шайлоо 9-июлда өтүп, ага 19 миллиондон ашык шайлоочунун 79,88% катышты. Мирзиёев мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындоо тууралуу мыйзамга 8-майда кол койгон. Анын айтымында, кезексиз шайлоо өткөрүүгө дүйнөдө жана чөлкөмдө түзүлгөн жагдайлар, курч жана катаал процесстер себеп болгон. 

Үстүбүздөгү жылдын 30-апрелинде Өзбекстанда Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өткөн. Референдумга келген 84,5% шайлоочунун 90,2%ы Конституцияны өзгөртүү үчүн добуш берген, ал эми 9,3%ы каршы болгон

Конституциянын өзгөрүүсү 65 жаштагы Мирзиёевдин буга чейинки президенттик мөөнөтүн жокко чыгарып, эки мөөнөткө 2037-жылга чейин бийликте калуусуна мүмкүндүк берет.

Мирзиёев биринчи жолу 2016-жылы кезексиз шайлоодо 88,6% добуш алып президент болуп шайланган. 2021-жылдын октябрында ал 80,1% добуш менен экинчи беш жылдык мөөнөткө шайланган болчу.