Өзбекстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтүп жатат

9-июлда Өзбекстанда кезексиз президенттик шайлоо өтүп жатат. Саат 15:00гө карата 19 миллиондон ашык шайлоочунун дээрлик 70%ы добуш берди. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашты.

Президенттикке жалпы төрт талапкер ат салышууда. Либерал-демократиялык партиядан Шавкат Мирзиёев, Элдик-демократиялык партиядан Улугбек Иноятов, «Адолат» социал-демократиялык партиясынан Робахон Махмудова жана Экологиялык партиядан Абдушукур Хамзаев.

Буга чейин өлкөнүн Боршайкому 28-июндан 5-июлга чейин мөөнөтүнөн мурда добуш берүү болгонун кабарлаган. Ага шайлоо күнү катталган жеринде болуу мүмкүнчүлүгү жок 8 миңден ашык киши катышкан.

Коңшу өлкөнүн учурдагы президенти Шавкат Мирзиёев мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындоо тууралуу конституциялык мыйзамга 8-майда кол койгон. Анын айтымында, кезексиз шайлоо өткөрүүгө дүйнөдө жана чөлкөмдө түзүлгөн жагдайлар, курч жана катаал процесстер себеп болгон. 

Үстүбүздөгү жылдын 30-апрелинде Өзбекстанда Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өткөн. Hook.report’тун маалыматына ылайык, референдумга келген алдын ала 84,5% шайлоочунун 90,2 %ы Конституцияны өзгөртүү үчүн добуш берген, ал эми 9,3%ы каршы болгон

Конситуциянын өзгөрүүсү 65 жаштагы Мирзиёевдин буга чейинки президенттик мөөнөтүн жокко чыгарып, эки мөөнөткө 2037-жылга чейин бийликте калуусуна мүмкүндүк берет.

Мирзиёев биринчи жолу 2016-жылы кезексиз шайлоодо 88,6% добуш алып президент болуп шайланган. 2021-жылдын октябрында ал 80,1% добуш менен экинчи беш жылдык мөөнөткө шайланган болчу.

ТЕМА БОЮНЧА:

Өзбекстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жарыяланды