УКМК кыргыз жарандыгын алууга үлгүргөн казакстандык УКТ мүчөсүн кармады

УКМКнын кызматкерлери мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн «О.И.О.» аттуу Казакстандагы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн кармашты. Бул тууралуу 11-июлда УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Тергөөнүн версиясы боюнча, 2019-жылы Казакстанда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү мунай скважинасынан мунай уурдашкан. Бул факты боюнча Казакстандын Экономикалык иликтөө департаментинин Мангустау облусу боюнча башкармалыгы кылмыш ишин козгоп, О.И.О. аттуу кишиге мамлекеттер аралык издөө жарыялаган. 

УКМКдан кармалган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү 1988-жылы туулган Актау шаарынын тургуну деп белгилешти. Ал рейдерлик басып алууга жана 760 миң доллар каражатты опузалап тартып алууга шектелүүдө. Ведомстводон шектүү Казакстандын тергөө органдарынан жашырынып жүргөнүн, кийин Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өткөнүн кошумчалашты. 

Кармалган адам УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Мындан тышкары, шектүү кыргыз жарандыгын мыйзамдуу алганбы же жокпу текшерилип, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин арасынан аны калкалап жүргөндөр изделүүдө. 

Буга чейин казакстандык УКТ мүчөсү кыргыз жарандыгын алганы жөнүндө «Кабарлар» агенттигинин журналисттери жазып чыккан. Журналисттердин маалыматы боюнча, 2020-жылы сентябрда УКМКнын кызматкерлери аны кармап, көп өтпөй эркиндикке чыгарып жиберген. 

Ошондой эле журналисттер шектүү катары кармалган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Кыргызстанда жүргөндө ИИМдин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен байланыш түзгөн деп жазышкан болчу.

Автору: Медина Шамшидинова