Эл аралык Human Rights Watch уюмунун укук коргоочулары 2022-жылдын 14-17-сентябрындагы куралдуу жаңжал учурунда Кыргызстан менен Тажикстандын жасаган мыйзам бузуулары тууралуу 89 барак отчёт жарыялады.
Кыргызстандын мамлекеттик органдарынан уюмдун отчётунда көрсөтүлгөн мыйзам бузуулар тууралуу толук кандуу комментарий алууга мүмкүн болгон жок. Ал эми кыргызстандык айрым укук коргоочулар отчётту чек арадагы жаңжал тууралуу дагы бир «пикир катары кабылдап, өз ара ички иликтөө жүргүзүп, окуяга объективдүү баа берүү керек» деп эсептейт.
«Клооп» отчётто келтирилген мыйзам бузууларды, ал тууралуу мамлекеттик органдардын жообун жана жергиликтүү укук коргоочулардын пикирин баяндайт.
Отчётто эмнелер баяндалган?
Отчётту даярдоодо Human Rights Watch (HRW) 86 жолу бетме-бет жана аралыктан интервью өткөргөн, анын ичинде 69 күбө, аман калгандар жана курман болгондордун жакындары бар. Маектешүү жашыруун түрдө, маек курган кишинин каалоосуна ылайык, ар бир адам менен жекече же жакын тууганынын катышуусунда өткөрүлгөн.
Уюмдун маалыматында эки тараптын тең мыйзам жана согуш эрежелерин бузууга жол бергени катталганы, ал жай тургундардын өлүмүнө алып келип, турак үйлөргө, мектептерге жана медициналык мекемелерге олуттуу зыян келтиргени айтылат.
«Тажик күчтөрү жарандык унааларды аткылап, ар түрдүү шартта кеминде 8 жаранды мыйзамсыз өлтүрүшкөн; Тажикстандын көзөмөлүндө калган кыргыз айылдарында массалык талап-тоноо жана жеке менчик үйлөрдү өрттөө фактылары тастыкталды.
Кыргызстандык күчтөр тез жардам унааларын, качкын үй-бүлөлөр бараткан жеңил унааларды аткылашкан; Овчикалача кыштагынын борбордук аянтына ташталган лазер менен башкарылган кичи бомбанын кесепетинен кеминде 10 киши каза болгон», — деп билдиришти укук коргоочулар.
Уюмдагылар Кыргызстан менен Тажикстандын бийлигин куралдуу күчтөрү жасаган мыйзам бузууларды иликтөөгө жана күнөөлүүлөрдү жоопко тартууга чакырышты. Алар эл аралык-укуктук милдеттенмелерди аткаруу, өлкөлөр ортосундагы ишенимди чыңдоого ташталган кадам болуп, чек ара маселесин тынчтык жолу менен чечүүгө болгон умтулууну көрсөтөт деп эсептешет.
Жалпысынан HRW төрт күнгө созулган кагылышууда кеминде 37 жай тургун, анын ичинде беш өспүрүм каза болгонун жана эки тараптан 36 жай тургун жаракат алганын каттоого алган.
Тажикстандын мыйзам бузуулары
Укук коргоочу уюмдун маалыматына ылайык, алар каттаган мыйзам бузуулардын көбү куралдуу жаңжалдын үчүнчү күнү, 2022-жылдын 16-сентябрында болгон.
Маалыматта ошол күнү Тажикстандын аскерлери чек арага чектеш айылдагы жолдордо жаңжал жүрүп жаткан аймактан кетип бараткан кыргызстандык тургундардын унааларын аткылаганы айтылат. Ок атуудан 3 адам каза болуп, кеминде 6 киши жаракат алган.
«Ок атуу учурунда жолдошу жана баласы жаракат алган 63 жаштагы аял унаадан кантип чыгышканын баяндап берди. Анын айтымында, алар бир топ саат жерде кыймылдабай жатышкан, анткени кичине эле кыймыл болсо тажикстандык аскерлер ок чыгарышкан», — деп белгилешти укук коргоочулар.
Отчёттогу маалыматка ылайык, тажикстандык аскерлер кыргызстандык аскерлерди сүрүп, чек арадагы кыргыз айылдарын ээлеп алганда, аларды жөнөкөй кийимчен тажик тилинде сүйлөгөн адамдар коштоп келгени айтылат.
«Тажик аскерлери кеминде алты жай тургунду өлтүрүшкөн, алардын үчөө согуштук аракет жүрүп жаткан аймактан чыгып кетүү аракетин көргөн сыяктанат, ал эми экөө, болжолу, сотсуз өлүмдүн курмандагы болгон», — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле «ылдам оккупациялоо» маалында жарандык кийимчен кишилер тажик күчтөрүнүн көзөмөлү астында массалык талап-тоноочулукка барышкан. Натыйжада мектептер, бала бакчалар жана медициналык мекемелер сыяктуу жүздөгөн жеке жана жарандык объектилер өрттөлгөнү айтылды.
Кыргызстандын мыйзам бузуулары
HRW уюмунун маалыматына ылайык, 16-сентябрь күнү саат 17:00 чамасында кыргызстандык аскерлер тажикстандык аскерлер жайгашкан аймакка Bayraktar TB-2 учкучсуз учагынан кичигабариттүү лазердик бомба ташташкан*.
*Өткөн жылдын сентябрындагы куралдуу жаңдалда тажик бийлигинин «Кыргызстан учкучсуз учактарды колдонду» деген маалыматын кыргыз бийлиги четке каккан.
«Учактар пайда болгондон бир нече мүнөттөн кийин эле Тажикстандын чек арага чектеш Овчикалача кыштагынын борбордук аянтына сокку урулган. Ошол учурда ал жерде жай тургундар топтошуп турган. Кеминде 10 адам каза болгон, көпчүлүгү тажыядан кийин жергиликтүү мечитке чогулган эркектер. Бул өлчөөсүз жана туш келди чабуулдун кесепетинен дагы 13 тургун жарадар болгон», — деп айтылат уюмдун отчётунда.
HRW уюмунан билдиришкендей, ошол эле күнү тажик тараптын эки тез жардам унаасы жана Тажикстандын Чорбог айылына жакын жердеги көпүрөнүн жанында тургундун бир унаасы катуу аткылоого кабылган.
«10 адам каза болгон, дагы алты киши жаракат алган. HRW түзгөн ок атылган аймактын деталдуу 3D-реконструкциясы ок, атуу болгон жерден 110 метр алыстыкта жайгашкан Кыргызстандын Достук айылы тараптан — болжолу кыргыз чек арачылары жайгашкан жерден — атылганын көрсөткөн», — деп айтылат маалыматта.
Уюмдагылар тез жардам унаалары эл аралык гуманитардык укук боюнча өзгөчө коргоого ээ экенин эскертишти.
Кыргыз бийлиги эмне дейт?
Кыргыз бийлигинен Human Rights Watch уюмунун отчётундагы эки өлкөнүн мыйзам бузуулары тууралуу толук кандуу маалымат алууга мүмкүн болгон жок. Тийиштүү органдар «Кыргызстандын аскер күчтөрү жасады» деген мыйзам бузууларды төгүндөгөн да, ачыктаган да жок.
УКМКдан «Клооптун» уюмунун отчёту тууралуу жиберген сурам катына андагы көрсөтүлгөн фактылар боюнча атайын кызматта кылмыш иши козголбогонун жана тергелбегенин билдиришти.
Ал эми Чек ара кызматынан «кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу бастырып кирүү» боюнча бардык материалды чогултуп, юридикалык баа берүү үчүн Башкы прокуратурага жөнөтүшкөнүн белгилешти.
УКМКдан чек арадагы куралдуу жаңжал боюнча Башкы прокуратура «Тынчтыкка каршы кылмыш» беренеси менен иш козгогонун белгилеп, кайсыл мыйзам бузуулар экенин ачыкташкан жок.
Ал эми Башкы прокуратурадан «Клоопко» чек арадагы жаңжал боюнча кылмыш иши Баткен гарнизонунун аскер прокуратурасы тарабынан тергелип жатканын маалымдашты. Бирок кылмыш иши кайсыл өлкөнүн күч органдарынын мыйзам бузуулары тууралуу экенин ачыкташкан жок.
Президенттик администрациядан уюмдун отчёту тууралуу «Клооптун» сурам катына тиешелүү тармактардын адистери жооп берээрин айтып, каттын негизги үлгүсүн өкмөт үйүнө таштап кетүүнү суранган. Бирок мекеменин өкүлү сурам катка жооп берилер-берилбесин тактай албагынын билдирди.
Укук коргоочу, активисттер кандай пикирде?
Мурдагы акыйкатчы, юрист Атыр Абдрахматова «Клоопко» HRW уюмунун баяндамасынын эң негизги максаты «эл аралык гуманитардык укуктун сакталышы болгон» деп билдирди.
Ал баяндамада «куралдуу жаңжалда ким күнөөлү, кимдин күнөөсү жок, кандай максатта уюштурулганына жана жыйынтыгына баа берилбегенин эскертти. Абдрахматованын айтымында, отчётту жаңжал боюнча бир пикир каты кабылдоо керек.
«Булардын баяндамасына чычалап, жаман көрүп, жаман көз караш же коркуу менен кароонун кереги жок. Бийлик булардын пикирин эске алып, айтылган мыйзам бузууларга баа бириши керек. Акыркы эки жылда эл аралык бардык мыйзамды, стандартты бузуу менен коңшу мамлекет куралдуу агрессия менен биздин тынч элге кол салды. Ошол кол салууда алдын алуу иштерин жүргүзбөгөн, чек аранын коопсуздугун сактоого жооптуу адамдар жоопко тартылган жок. Биз ички иликтөө жүргүзүшүбүз керек. Биздин окуяга берген баабыз объективдүү, көз карандысыз болушу кажет», — деди ал.
Абрахматова куралдуу жаңжалга эл аралык денгээлде баа берип, «аскердик агрессия деп таануу үчүн кыргыз өкмөтү БУУга жана эл аралык мекемелерге кайрылып, иликтеши керек эле» деп белгиледи.
«Дагы башка уюмдар болобу, ким болбосун иликтөө жүргүзгөнгө чейин, биз өзүбүз катабызды коркпостон ачык карап, баа беришибиз керек. [...] Президент БУУдан аскердик агрессия катары баалаган, бирок андан ары эч ким эл аралык тийиштүү мекемелерге кайрылууга аракет кылган жок. Үйлөрдү курганга чейин бардыгын жаздырып, көз карандысыз эксперттерди чакырып, факты, далилдерди сактап калуу керек эле», — деди ал.
Ошондой эле мурдагы акыйкатчы «тажик телеграм каналдарында провокациялык маалымат таркатуу дагы деле уланып жатканын» белгилеп, бийлик аларга чара көрүп, бирдиктүү саясат жүргүзүшү керек деп кошумчалады.
Ал эми юрист жана укук коргоочу Нурбек Токтакунов улут аралык куралдуу жаңжалга «бейтарап баа берүүдө» эл аралык уюмдардын байкоо жүргүзгөнү жана корутундусу маанилүү экенин белгиледи.
Анын айтымында, жаңжалга катыштыгы бар тараптар окуяга баа берүүдө эмоцияга алдырып же кандайдыр бир кызыкчылыкты коргошу ыктымал.
«Эл аралык уюмдардын корутундусу жөнүндө айтуудан мурда аны окуп чыгыш керек. 2010-жылдагы Июнь окуясында дагы Human Rights Watch уюму корутунду чыгарган. Бирок, кээ бирөө аны толук окубай эле маалыматты бурмалап жиберишкен. [...] Эл аралык уюмдардын корутундусунда белгиленгендерди бийлик өкүлдөрү, мамлекеттик органдар кылдаттык менен карап чыгышы керек», — деди ал.
Баткендеги Лейлек районунун тургуну, жарандык активист Элбек Хабибуллаев да «эл аралык уюмдардын байкоо жүргүзгөнү маанилүү» деп эсептейт. Эгер анда объективдүүлүк, адилеттүүлүк, чындык жана эл аралык нормалар, келишимдер көңүлгө алынган болсо.
«HRW уюму отчёт даярдоодо мамлекеттик органдарды маалымдандырбай, анализи күмөндүү, суроо жараткан жана бир тараптуу айыптоо болгон учурда бийлик сөзсүз түрдө үн катышы керек. Анткени, HRW уюму 86 кишиден интервью алганы жана анын 69 гана окуянын күбөлөрү экенин айткан. Айрым адамдардын объекттүүлүгү суроо жаратат. “Алар тажик бийлиги атайын даярдаган адамдар эмес” дегенге ким кепилдик берет» — деп суроо салды ал.
Ошондой эле активист HRW уюму «өз аброю же кызыкчылыгы үчүн, эки тарапка тең жагынуу үчүн отчёт даярдабашы керек» деп эсептейт. Ал уюм «кол салууну ким биринчи баштады, ким ок атты так, даана айтуусу кажет» деп белгиледи.
Хабибуллаев активисттер, жергиликтүү органдар согуштук кырдаалда өлкө кызыкчылыгын эске алуу менен иш алып барышы керек деген пикирде.
Чек арадагы куралдуу жаңжал
Өткөн жылдын 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында толук масштабдуу куралдуу жаңжал болгон. Атышуу мамлекеттик чек аранын бардык периметринде жүргөн. Эки тарап тең аскердик агрессияга бирин-бири айыптаган.
Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, атышуунун кесепетинен 63 киши курман болуп, 206 адам жабыркаган. Жалпысынан куралдуу жаңжалда Кыргызстанга келтирилген материалдык чыгымдын суммасы 3 млрд 130 млн сом деп бааланган.
Ал эми Тажик бийлиги кагылышууда 41 тажик жараны каза таап, 20дан ашык кишиси жабыркаганын белгилеген. Бирок «Озоди Радиосу» жеке булактарына таянып, каза болгондордун саны 81 киши экенин жазган.