Кыргызстанда энергетикалык суусундуктарды жарнамалоого тыюу салынды

Өлкөдө энергетикалык суусундуктарды жарнама кылууга тыюу салынды. Бул тууралуу 12-июлда Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, «Жарнама жөнүндөгү» мыйзамга өзгөртүү киргизүү үчүн президент Садыр Жапаров 3-июлда кол койгон.

Министрликтен энергетикалык суусундуктар курамында стимуляторлор камтылган суу, кант, кофеин, минералдар, витаминдер, гуарана, таурин жана женьшень сыяктуу заттардан турарын белгилешти. Ал эми ден соолукка коркунучу курамында кант жана кофеиндин көптүгүнө байланыштуу.

Энергетикалык суусундуктардын кээ бир түрлөрүнүн порциясында 100 миллиграмм кофеин камтылган, бул кадимки порциядан 8 эсе көп. Суусундуктун бул түрү кандагы канттын көлөмүн жана артериалдык басымдын жогорулашына алып келип, өзгөчө өспүрүмдөргө кооптуу болуп саналат.

«Мисалы мындай суусундуктун бир банкасында 27 кашык кант камтылган. Бул суусундуктарды ичүүнү адатка айлантса, жүрөктүн функциясы бузулат. Жүрөктүн согуу ыргагына терс таасир берет. Убакыттын өтүшү менен жүрөк чоңоюп кетиши мүмкүн», — деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин, үстүбүздөгү жылы май айында Салык кызматы 1-июлдан тарта курамында энергетикалык, сергитүүчү кошулмалары бар алкоголсуз суусундуктарды өндүрүүдө жана импорттоодо акциздик салык салынарын билдирген. Ага ылайык, минкаб бекиткен акциздик ставкага жараша аталган суусундуктун бир литрине он сомдон алынат.