Тургун «Тазалыкка» таштанды көйгөйүн чечүүчү сервис белекке берүү ниетин билдирди

Азат Имаш аттуу кыргызстандык «Тазалык» муниципалдык ишканасына Locator.kg санариптик сервисин белек кылууга даяр. Ал Бишкектеги таштанды көйгөйүн чечүүгө жардам берет. Бул тууралуу Имаш мэрия жана Жогорку технология паркынын өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда айтты

Жогорку технология паркынан билдиришкендей, Имаш «Тазалыктын» директору Рамиз Алиевдин шаарды таштандыдан тазалоого жардам сураган чакырыгынан улам сунуш киргизди. Жолугушуунун жыйынтыгында алар дагы бир жолу жолугуп, иштин оош-кыйышын талкуулоону макулдашты.  

Парктын маалыматы боюнча, Имаш Жапонияда иштеп чыгуучу болуп эмгектенет. Ал эми Locator.kg — бул Machimon жапон долбоорунун аналогу. Программа шаар тургундары жана муниципалдык кызматтардын аймактын маселелерин биргеликте, смартфондун жардамы менен чечүүсүн уюштуруп берет. 

Жогорку технологиялар паркынан сервис кандайча иштейт айтып беришти: жолдо бараткан адам таштанды көрүп калса аны сүрөткө тартып, сайтка жүктөй алат. Андан кийин маалымат модераторго түшүп, ал атайын кызматтарга жөнөтөт. Эгерде маселе чечилсе, анда таштанды төгүлгөн жердин тазаланып калгандагы сүрөт коюлат.  

Автору: Бекмырза Исаков