Бир видео менен: Жашы жете элек бала унаа айдап жатат

Koroche Телеграм каналы жашы жете элек бала унаа башкарып, чоң жолду көздөй баратканы тартылган видеону жарыялады. Видео Бишкектин Көк-Жар конушунда тартылганы айтылууда.

Видеодо айланадагы кичинекей балдар унааны 2011-жылкы бала айдап баратканын, ал «акимдин уулу» экенин айтып жатышканы угулат.

ЖКККББнын басма сөз кызматынан аталган видео боюнча «Клоопко» комментарий берип, аларга багыттама түшүп, унаа изделип жатканын билдиришти.