«151 млн сом зыян келтирген». Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун эки мүчөсү кармалды

14-июлда УКМКнын кызматкерлери кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун эки мүчөсүн «жалган ишкердик» кылууга шектеп кармады.

Маалыматта кармалгандардын бири «Узун Улан» каймана аты бар Улан Барчакеевдин аталаш бир тууганы, Көлбаевдин коопсуздугуна жооптуу жан сакчылардын башчысы, экинчиси уюштуруучусу экени айтылат.

«Алар финансылык документтерди жасоо менен өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөөдөн качуунун мыйзамсыз схемасын уюштурушкан. Жалган фирмаларды салык органдарына каттатып, “Ак-Тилек” жана “Чалдовар” бекети аркылуу ЕАЭБ өлкөлөрүнө товар ташып турушкан», — деп белгилешти атайын кызматтан.

УКМКдан шектүүлөр мамлекетке 151 миллион сом зыян келтиргенин кошумчалашты. Азыр алар убактылуу кармоочу жайда, тергөө иштери уланууда.

Буга чейин, 5-июлда Жалал-Абад шаарындагы мейманканалардын биринде Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун «Чач» каймана аты менен белгилүү мүчөсү кармалган.

Аны кармоо учурунда шектүүдөн 10 граммга жакын «гашиш» табылып, анын Жалал-Абаддагы базардын ээлерине салык салууга аракет кылганы аныкталган.

ТЕМА БОЮНЧА:

УКМК: Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун “Чач” каймана аттуу активдүү мүчөсү кармалды

УКМК: Кара-Суу районунун тургунунан акча талап кылган кылмыштуу топ кармалды