УКМК: Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун “Чач” каймана аттуу активдүү мүчөсү кармалды

5-июлда Жалал-Абад шаарындагы мейманканалардын биринде “Чач” каймана ат менен белгилүү кармалды. Бул тууралуу “Клоопко” УКМКдан билдиришти.

Комитеттин маалыматы боюнча, кармоо учурунда шектүүдөн 10 граммга жакын “гашиш” заты табылып, тиешелүү экспертизага жөнөтүлүп, адамдын баңги затын колдонуу боюнча экспресс-тести оң натыйжа берген. Кармалган адам УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына камалды деп билдиришти.


 

“Чач” крим-төбөлү физикалык зомбулук менен коркутуп, Жалал-Абаддагы базарлардын ээлерине салык салууга аракет кылгандыгы аныкталган. Учурда бул фактылар боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Коопсуздук комитети кармалган кишинин кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткан адамдар болсо Жалал-Абад облусу боюнча нөөмөт кызматына 0372256049 телефону аркылуу кайрылууну суранат.

Маалыматка караганда, шектүү ИИМдин каттоосунда Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү катары туруп, мурда бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган, 2013-жылы Москва шаарындагы кыргыз диаспорасы үчүн “смотрящий” деп аталган.

Буга чейин, 3-июлда УКМК Ош облусундагы Кара-Суу районунун тургунунан опузалап акча талап кылган кылмыштуу топ кармалганын маалымадаган. Кылмышка шектелген 27 жана 28 жаштагы эки киши арыз ээсин коркутуп 30 миң сом беришин жана ай сайын 15 миң сом төлөп туруусун талап кылышканы айтылган.

Автор: Калыбек Мусакеев

ТЕМА БОЮНЧА:

УКМК: Кара-Суу районунун тургунунан акча талап кылган кылмыштуу топ кармалды