УКМК: Кара-Суу районунун тургунунан акча талап кылган кылмыштуу топ кармалды

3-июлда УКМК Ош облусундагы Кара-Суу районунун тургунунан опузалап акча талап кылган кылмыштуу топ кармалганын маалымдады.

Маалыматка караганда, кылмышка шектелип 27 жана 28 жаштагы эки киши кармалган. Алар арыз ээсин коркутуп 30 миң сом беришин жана ай сайын 15 миң сом төлөп туруусун талап кылышкан.

Учурда кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, иликтөө иштери жүргүзүлүп жатканы айтылат.

Буга чейин, 8-апрелде УКМК жеке ишкерден опузалап 350 миң сом акча алып жаткан жеринен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн кармаган.

Атайын кызматтан кармалган адам шериктери менен жеке ишкердин денесине темир буюм менен оор залал келтиргенин, 350 миң сом талап кылып, күрөө катары «Тойота Камри» үлгүсүндөгү унаасын алып кетишкенин билдирген.

ТЕМА БОЮНЧА:

УКМК ишкерди опузалап 350 миң сом алып жаткан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн кармады

Бишкекте адам уурдоого жана опузалап акча талап кылууга шектелип төрт киши кармалды

УКМК опузалап акча талап кылууга шектеп Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөсүн кармады