Аялын балдарынын көзүнчө сабаган кишинин видеосу тарады. Милиция эмне дейт?

Социалдык тармактарда белгисиз адамдын аялды балдарынын көзүнчө сабап жаткан видеосу тарады. 13-июлда Аламүдүн районунда болгон окуя видеокөзөмөлгө түшүп калган.

Тасмадан алгач киши жерден бир нерсе алып аялды чапканын, кийин кичинекей кыздын ыйлаганына карабай жерге жыгып, ур-токмокко алганын көрүүгө болот.

Ал эми Назгүл Насиева аттуу фейсбук колдонуучусу окуяга күбө болгонун айтып, аялга жардам бергенин жазып чыкты.

«Саат 13:40та үйгө келатып, чачтары саксайган, кийимдери, колдору, буттары канга боёлгон, кашы жарылган, бети башы көгала аялды көрүп, эсим ооп калды. Унаамдан түшүп келип аялга жардам берейин десем, күйөсүнүн да, аялынын да оозунан арак буркурайт. Бирок селсаяктар эмес, жакшынакай эле түгөйлөр экен. Көздөрү алаңдап, байкуш балдарынын жүрөктөрү түшүп калган», — деди ал.

Ошондой эле Насиева милиция чакырууга аракет кылган, бирок ур-токмокко кабылган аял «каршы болгон».

Ал эми Аламүдүн райондук милициясынан «Клоопко» аял «арыз жазуудан баш тартканына байланыштуу эч кандай иш козголбой турганын» билдиришти.

Кыргызстандагы үй-бүлөлүк зомбулук

Кыргыз коомунун балээси — үй-бүлөлүк зомбулук. ИИМдин маалыматына ылайык, өткөн жылдын жети айында эле үй-бүлөлүк зомбулуктун 5911 фактысы катталган.

Ал эми 2021-жылы Кыргызстан дүйнөдөгү аялдардын бакубаттыгы жана коопсуздугу боюнча глобалдык индексте 97-орунду ээлеп, Борбор Азия чөлкөмүндө аялдар үчүн эң эле кооптуу өлкө болуп табылган.

Amnesty International эл аралык укук коргоо уюму болсо 2021-жылга карата отчётунда, Кыргызстанда аялдарга карата зомбулук кеңири жайылганын баса белгилеген.

Ошондой эле зомбулуктан аман калгандар аларды кордогондорго болгон экономикалык көз карандылыктан жана коомдук стигмадан улам зордук-зомбулуктар тууралуу билдирүүдөн тайсалдашаарын айткан.

Эгерде зордук-зомбулуктун күбөсү же курмандыгы болсоңуз жардам алуу үчүн милиция кызматкерлерине жана өлкөнүн аймактарындагы кризистик борборлорго кайрыла аласыз.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Аны баары бир өлтүрмөкмүн». Кыргызстандагы фемицид тууралуу «Клооптун» изилдөөсү

Улуттук статком: Үй-бүлөлүк зомбулук көбөйдү, саясат жана экономика тармагында аялдар аз