Азия чемпионаты: Кыргызстандык балбандар грек-рим күрөшүнөн 8 медаль утушту

20 жашка чейинки грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама. Сүрөт: Дене тарбия жана спорт департаменти

Кыргызстандык балбандар Иорданияда өтүп жаткан Азия чемпионатында 20 жашка чейинкилер арасындагы грек-рим күрөшүнөн 8 медаль утушту. Бул тууралуу 17-июлда Дене тарбия жана спорт департаментинен кабарлашты.

60 кг чейинки салмакта Акыл Сулайманов, 77 кг чейинки салмакта Алибек Бердиев жана 82 кг чейинки салмак категориясында Ырысбек Калиев күмүш медалга ээ болушту.

Ал эми Азамат Камилжан уулу (55 кг), Баяман Каримов (63 кг), Абдулазиз Аскарбеков (72 кг), Жеңиш Жумабеков (87 кг), Исмаил Гасанов (130 кг) коло байгени багындырышты.

Алдыда эркин күрөш боюнча балбандар өз күчтөрүн сынашат.

Буга чейин ушул эле чемпионатта 15 жашка чейинки балбандар арасында да мелдештер болуп өткөн. Анда Кыргызстандын кыздар курамасы эки күмүш, үч коло утуп, командалык эсепте 3-орунду камсыздаган.

15 жашка чейинки эркин күрөш боюнча улуттук курама бир алтын, 3 коло медалга ээ болушкан.

Ал эми грек-рим күрөшү боюнча балбандар алты медалга ээ болгон. Эки алтын, эки күмүш, эки коло байге менен грек-рим курамасы дагы командалык эсепте 3-орунга татыган.

Бул жолку 15 жана 20 жашка чейинки Азия чемпионаты Иорданиянын Амман шаарында өтүп жатат. 12-июлда башталган мелдеш 20-июлда жыйынтыкталат.

ТЕМА БОЮНЧА:

Азия чемпионаты: 15 жашка чейинки кыргыз балбандары эркин күрөш боюнча 4 медаль утушту

Күрөш боюнча Азия чемпионаты: 15 жашка чейинки кыргыз спортчулары 11 медаль утушту