Ноокат: Мурдагы акимдин мыйзамсыз куруп алган тосмосу буздурулду

Ош облусунун Ноокат районунда мурдагы акимдин жолдун жээгине куруп алган тосмосу буздурулду. Маалыматты 17-июлда «Клоопко» Ноокат шаардык мэриясынын муниципалдык менчик департаментинен тастыкташты.

Буздурулуп жаткан курулуш. Сүрөт: АКИpress

Билирүүдө Абдыганы Алиев 2008-жылы аким болуп турганда шаардын Абдымомунов көчөсүндөгү көп кабатуу үйүнүн жанындагы жолдун жээгин мыйзамсыз тосуп, эки чакан бөлмө куруп алганы айтылат.

«Бул боюнча муниципалдык менчик департаменти тарабынан эскертүүлөр берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Алар курулушту өз эсебинен буздурду», — деп белгилешти мэриядан.

Аны менен катар, шаардын борбордук айлампасынын чыгыш тарабында жайгашкан дүкөн дагы бузулуп, жери баштапкы калыбына келтирилди. Ага чейин бул боюнча соттук териштирүү жүргөнү айтылат.

Буга чейин, Президент Садыр Жапаров жерлерди өзүм билемдик менен басып алуу үчүн жоопкерчиликти күчөтүү жөнүндө мыйзамга кол койгон. Мындай чара жерлерди басып алууга жана аларга имарат курууга жол бербөө максатында жасалган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Жерлерди өзүм билемдик менен басып алып курулуш жүргүзүү үчүн жаза күчөтүлдү

Жалал-Абад: 9 жана 3 кабаттуу мыйзамсыз курулуштар боюнча архитекторлорго кылмыш иши козголду