Жалал-Абад: 9 жана 3 кабаттуу мыйзамсыз курулуштар боюнча архитекторлорго кылмыш иши козголду

Жалал-Абад шаарында жеке менчик жер тилкеге 9 кабаттуу турак үйдүн жана
3 кабаттуу соода борборунун курулуш иштери уруксатсыз жүргүзүлгөнү аныкталып, архитекторлорго кылмыш иши козголду. Бул тууралуу 4-июлда Башкы прокуратурадан билдиришти.

«Жалал-Абад облустук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланышып, курулушу бүтүп жаткан объектилердин курулушуна мыйзамсыз түрдө архитектуралык-шаар куруу корутундуларын түзүшкөн», — деп айтылат маалыматта.

Учурда «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «Өзүм билемдик» беренелери менен кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүп жатат. 

Буга чейин Жалал-Абад облусунун Сузак райондук архитектура башкармалыгынын адиси айыл чарба өндүрүшүнө арналган эки жер тилкесин курулуш үчүн мыйзамсыз сатып жибергени аныкталган. Аталган кызматкер УКМК тарабынан кармалып, кылмыш иши козголгон.

Автору: Калыбек Мусакеев

ТЕМА БОЮНЧА:

Сузак: Архитектура башкармалыгынын кызматкери жер тилкесин мыйзамсыз сатууга шектелип кармалды