УКМК: Фейсбуктагы постторунда улуттар аралык кастыкты козутууга шектелген адам кармалды

УКМК 17-июлда Бишкектин Ч.А.С. тургуну улуттар аралык кастыкты козутууга шектелип кармалганын билдирди. Атайын кызматтын маалыматына ылайык, ал Фейсбук барагында «өлкөнүн жарандарынын арасында кастыкты козуткан ар кандай тенденциялуу материалдарды танымсыз жарыялап турган».

Мамкомитет шектүү буга чейин да «бир нече жолу улуттар аралык кастыкты козутууга багытталган билдирүүлөрдү жасаганын» билдирди. Бул үчүн ал 5 суткага административдик камакта отуруп чыккан, «бирок көрүлгөн чараларга карабастан, мыйзамсыз иштерин уланткан».

«Топтолгон материалдардын негизинде, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жогоруда айтылган “Ч.А.С.”тын мыйзамсыз аракеттерине соттук-лингвистикалык экспертиза дайындалып, ага ылайык, анын басылмаларында улуттар аралык кастыктын белгилери, ошондой эле жарандардын улуту боюнча төмөндүгүн пропагандалоонун белгилери бар экендиги такталды. Ушуга байланыштуу 12-июлунда “расалык, этностук, улуттук жана диний аралык кастыкты (араздашууну) козутуу”) беренеси боюнча кылмыш иши козголду, — деп билдирди УКМК.

Шектүү 14-июлда кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.