Акыйкатчы «чет элдик тыңчы» жөнүндөгү мыйзам долбоорун чакыртып алууну сунуштады

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева «чет элдик агент» мыйзам долбоорун демилгелеген депутаттык топко мыйзамды артка чакыртып алууну сунуштады. Бул тууралуу 18-июлда Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Акыйкатчы институту аталган долбоордун өлкөдөгү мыйзамга жана бирдиктүү эркиндикти камсыздоо жаатындагы эл аралык укуктун талаптарына шайкеш келер-келбесин талдап чыккан.

«Акыйкатчы демилгечилерге адамдын укуктары менен эркиндигинин эл аралык стандарттарын жана Конституциянын талаптарынын милдеттүү түрдө аткарылышын камсыздоо максатында “Айрым мыйзам актыларына ("Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү" мыйзамга) жана Жазык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамды артка чакыртып алууну сунуштайт», — деп айтылат билдирүүдө.

Аны менен катар, Жаманбаева демилгечилерди мыйзам долбоорун эксперттерди тартуу менен жаңыдан иштеп чыгууга чакырды.

Чуулгандуу мыйзам долбоору 

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттары Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө мыйзамга түзөтүү киргизүүнү сунушташкан. Мыйзам долбоорун парламенттин 33 депутаты демилгелеген. 

Алардын арасында аткаруу бийлигин тарапташы Надира Нарматова, УКМКнын төрагасынын иниси Шайырбек Ташиев жана «бажычы» Матраимовдор кланынын өкүлү Искендер Матраимов бар.

Демилгечилер Орусиянын «чет элдик тыңчы» деген аныктамасынын бир түрүн киргизип, коммерциялык эмес уюмдарга иш жүзүндө аткара алгыс талаптарды койгулары келет. Орусияда бул мыйзам кабыл алынгандан кийин укук коргоочу уюмдар менен көз карандысыз ЖМКнын баары жабыла баштаган.

Мыйзам долбоорун Адам укуктары үчүн эл аралык өнөктөштүк (IPHR), Норвегиянын Хелсинки комитети жана Human Rights Watch сыяктуу бир нече эл аралык уюмдар да сынга алышкан.

Мыйзам долбоорунун негизги демилгечиси депутат Надира Нарматова коммерциялык эмес уюмдар («чет өлкөлүк тыңчылар») жөнүндөгү мыйзам долбоорун чакыртып албасын билдирген. Кийин айрым депутаттар долбоорду демилгелөөдөн баш тарткан.

ТЕМА БОЮНЧА: 

Батышты колдойм/каршымын. Консерватор депутаттар кимдер менен «дос» болгусу келет?

Мекенчилдер колдоп берет — Нарматова чуулгандуу мыйзамын чакыртып албасын билдирди