Минкабдын башчысы Экономика министрлигинин ишин сындап, «талыкпай иштөөгө» чакырды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгын чыгарган жыйынын Экономика жана коммерция министрлигинин ишине нааразылыгын билдирди. Бул тууралуу 17-июлда минкабдын басма сөз кызматынан билдиришти.

Жыйында Акылбек Жапаров экономика министри Данияр Амангелдиевдин жана анын сегиз орун басарынын отчётун укту. Буга чейин минкабдын башчысы ар бир орун басарга ведомство алып барган иштердин белгилүү бир тармагын бекитип берүү керек деп «эскерткен».

Андан соң минкабдын төрагасы мекеменин ишин сынга алды. Жапаров өнүктүрүү фонддору менен кызматташууну жакшыртып, бул ишти министрдин орун басарларынын бирине милдеттендирүүнү тапшырды. Анын пикиринде, мекеме экономика жана бизнести өнүктүрүүнүн ушул инструментин толук пайдаланбай жатат.

Ошондой эле минкабдын башчысы жумуш орундарынын санын жана адистиктердин актуалдуулугун каттоо үчүн жаңы жумуш орундарынын санариптик картасын көрсөтүүнү талап кылды. Анын айтымында, курулуш, тигүү жана өнөр жай сыяктуу ири тармактарда жумушчулар жетишсиз.

Акылбек Жапаров министрдин орун басары Канат Абдрахмановдун ишин да кескин сындады. Анын айтымында, министрдин орун басары антидемпингдик пошлина деген эмне экенин билбейт, анткен менен министрликтин ар бир кызматкери мындай нерселерди билиши керек.

«Сатуу рыногу өсүп жатат, ага дагы тиешелүү көңүл бурулбай жатат. Сиздин 8 орун басарыңыз эмне иш кылып жүрөт түшүнбөй жатам!» — деди ал министрге кайрылып, аны менен бирге 20-июлда 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгына карата минкабдын жыйыны өткөрүлөрүн эскертти.

Сөзүнүн аягында Жапаров экспорттун динамикасы өсүп, экономикалык өсүштүн темпи жогорулап жаткан шартта «заман агымы менен бирге туруу зарылдыгын» белгиледи. Ошондой эле практикалык экономикага жана контрабандалык товарлардын импортуна каршы күрөштү күчөтүүгө чакырды.

«Бир сөз менен айтканда, талыкпай иштешибиз керек», — деди минкабдын башчысы.

Автору: Медина Шамшидинова.