Түптө эки мас киши жашы жете элек кыздарга кол салган, бирок аларды бошотуп жиберишти

Ысык-Көл облусунун Түп айылында мас абалындагы эки киши 15-жаштагы үч кызга кол салды. Окуя болгондо тартылган видео мурдарак социалдык тармакка тараган

Тасмада мас киши эки кыздын артынан ээрчип, аларга кыйкырып, уят сөз менен сөккөнүн көрүүгө болот. Үчүнчү кыз бул учурду телефонго тарта баштаган. Эркек киши артка кайрылып кыйкырып-өкүргөн бойдон телефон кармаган кызды кубалап жөнөйт. 

Кыз милиция чакырам дегени менен кол салган жаранды бул деле токтоткон эмес.  

«Чакыр! Сигейн, канчыктар, такыр эле өзүңөрдөн кетип калдынарбы?» — деп жооп кайтарган мас киши. 

Жабыркагандардын биринин айтымында, эркек киши кыздардын колдорун бурап, телефонун тартып алууга аракет кылган. 

«Мен Михайловкадан Түпкө конокко келгем. Биз курбу кыздар болуп өзөндөгү сууга түшүп келели дегенбиз. Мен шорты кийип жүргөм. Бул кишилердин жанынан өтүп бара жатканда, алардын бири мени сынап тиктеди. Андан соң сөгүп, кыйкырып, колдорубузду бурап, телефонду тартып алууга аракет кылышты», — деди ал.

Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматынан «Клоопко» кабарлашкандай, окуя боюнча жабырлануучунун апасы арыз менен кайрылган.

«Арыз Түп райондук ИИБнын маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды», — деп билдиришти милициядан.

Шектүүлөр табылып, алар Түптүн 42 жаштагы К. М. жана 32 жаштагы С. Ж. аттуу тургундары экени аныкталды.

Милициянын маалыматы боюнча, кыздар соттук-медициналык экспертизадан өтүүдөн баш тартышкан. Сурактан кийин жарандар үйүнө кое берилди.

«Кыздар экспертизадан баш тарткандыктан, айып коюла элек. Текшерүү жүрүп жатат», — дешти милициядан.

Кийинчерээк Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы «Клоопко» милиция административдик укук бузуу боюнча ишти каттап, сотко өткөрүп бергенин билдирген. 

Алар «майда бейбаштык» беренеси боюнча иш жүрүп жатканын билдиришти. Кишилер бул берене боюнча 5,5 миң сом айып пул төлөп кутулуп кетүүсү мүмкүн. 

Автору: Жаркынай Сүйүнбекова