Президенттик фонддун каражатына өлкөнүн ооруканалары үчүн 10 гемодиализ аппараты алынды

Бийлик президент Садыр Жапаровдун Фондунун каражатынын эсебинен өлкөнүн ооруканалары үчүн 10 даана жаңы гемодиализ аппаратын сатып алды. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Жапаровдун администрациясынан аппараттар калкка меджардам көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу максатында сатып алынганын айтышты. Аппараттар суу тазалоо системалары жана чыгымдалуучу материалдар топтому менен жалпы 16 млн 552 миң 250 сомго сатып алынган.

Сатып алынган гемодиализ аппараттарынын төртөө Бишкектеги мамлекеттик кыргыз-түрк «Достук» ооруканасына орнотулганы белгилүү болду. Дагы төртөө Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун гемодиализ бөлүмүнө коюлуп, калган экөө Нарын облусунун Жумгал районунун Жалпы дарыгерлик практика борборуна өткөрүп берилет.

2023-жылдын апрелине карата маалыматка ылайык, Кыргызстанда 5-стадиядагы бөйрөк кемтиги менен жабыркаган эки миңден ашык бейтап акысыз гемодиализ алат, ага мамлекет жыл сайын бюджеттен 2 млрд сом бөлөт.

Гемодиализ — бул өнөкөт бөйрөк ооруларын дарылоонун эң кеңири жайылган түрү.

Буга чейин президенттин администрациясынан кыргыз-түрк «Достук» ооруканасында бөйрөк жана башка ички органдарды алмаштыруу боюнча операциялар жасап башташарын билдиришкен. Операциянын болжолдуу баасы 7 миң доллардын айланасында болору айтылган, бул башка өлкөлөргө салыштырмалуу кыйла арзан.