Салык кызматы Бирдиктүү салык үчүн экинчи кварталдын отчёттук формасын жаңылады

Дисклеймер: Материал жаңыланды. “Клооптун” макаласынан кийин Салык кызматы реакция жасап, эски отчётторду жокко чыгаруунун кажети жоктугун айтып түшүндүрмө берди. Буга чейин салык кызматынын өкүлдөрү эски отчётторду жокко чыгаруу керектигин айткан болчу.

Мамлекеттик салык кызматы чакан, орто жана ири ишкердиктин экинчи кварталдагы Бирдиктүү салык отчётун жаңылады. Анан калса, орто жана чакан ишкердик үчүн отчёт берүүчү форма чукул аралыкта жаңыланды — орто бизнес 17-июлда, ал эми чакан бизнестин отчёттук формасы кечээ — 19-июлда.

Эми салык төлөөчүлөр отчётту кайрадан бериши керек — ал эми отчёт кабыл алуунун акыркы күнү — 20-июль. Бирок Салык кызматынын расмий сайтында отчёттун формасы алмашканы боюнча же дагы башка билдирүү, маалыматтык кампания жарыяланган эмес болчу.

Бирдиктүү салык отчётун тапшыруу процедурасы татаалданганы тууралуу «Клооптун» материалынан кийин Салык кызматынын басма сөз кызматы байланышка чыгып, бул жагдай боюнча түшүндүрмө берди.

Мурдараак эски отчётту жокко чыгарып, жаңы форманы толтуруу зарыл экени айтылган. Кийинчерээк салык кызматынан буга чейин эски форма менен тапшырылган отчёттор кабыл алынат, административдик айып салынбайт деп билдирди. Салык кызматы отчёттун жаңы формасын кеч жарыялаганын түшүнгөн соң ушундай чечимге келген.

Отчётту кайда тапшырам?

Бирдиктүү салык боюнча кварталдык отчётту тапшыруу үчүн «Салык төлөөчүнүн жаңы кабинетине» киресиз. Аны «Е-отчёттор» бөлүмүндөгү «Бирдиктүү салык» баскычынан таба аласыз.

«Салык төлөөчүнүн кабинети» деген эмне жана ага кантип кирүү керектигин бул материалдан окуңуз.

Отчётто кескин айырмачылыктар жок. Мурда чакан жана орто бизнестин отчёту бириктирилген болсо, эми эки башка формага бөлүндү: чакан бизнес үчүн 091_4_2 формасы, орто бизнеске 091_4.

Ири ишкердик үчүн отчёттун формасы да жаңыланды — ай сайын берилүүчү отчёттун формасы — 091_4_1.


Сайттагы Салык төлөөчүнүн кабинетинен скриншот

Отчётту кантип тапшырам?

Отчёт тапшырбасаңыз 5000 сом айып төлөйсүз. Андыктан жаңы отчётту тапшыруу үчүн төмөнкү процедураларды аткаруу зарыл:

Эгерде экинчи квартал үчүн Бирдиктүү салык отчётун 091_3 формасын толтуруп (Чакан жана орто ишкердик субъектилеринин бирдиктүү салык отчёту (01.01.2022- кварталдык) тапшырган болсоңуз, дал ушундай эле отчётту «тактоочу» деп толтуруп, кирешенин суммасы деген графага нөл деп жазасыз. Мындай процедура буга чейинки отчётту жокко чыгарат.

Андан соң, ишмердүүлүктүн түрүнө жараша жаңы 091_4_2 формасын (Чакан ишкердик субъектилери үчүн бирдиктүү салык отчёту (01.04.2023-кварталдык) же 091_4 (Орто ишкердик субъектилери үчүн бирдиктүү салык отчёту (01.04.2023-кварталдык), квартал ичиндеги киршенин суммасын жазып толтурасыз.

Эскертүү — бул процедуралар 2023-жылдын экинчи кварталына гана тиешелүү. Ушул жылдын биринчи кварталы үчүн отчётту кайра тапшыруунун кажети жок. Андан тышкары, Бирдиктүү салыктын «тактоочу» отчёту кабыл алынганын тактап, андан кийин гана жаңы форманы толтуруңуз.

Салык төлөөчүлөргө кабар берилгенби?

Жок. Бул тууралуу «Клооптун» журналисттери өзүнүн (кейиштүү) тажрыйбасынан кийин билип отурат. Маалымат алуу үчүн журналисттер салык кызматынын 116 бирдиктүү номерине жана басма сөз кызматына телефон чалышты. Ал эми, Салык кызматы жоопту бир нече күн даярдады.

Акыры журналисттер салыктын борбордук аппараты менен байланыша алды. Болбосо райондук салык бөлүмдөрү ар башка маалымат берип жаткан. Дал ушул борбордук аппараттан «Клооптун» журналисттерине жаңыланган отчётту толтуруу процедурасын түшүндүрүп беришти.

Ал эми Салык кызматынын расмий сайтында отчёт берүү формалары жаңыланганы тууралуу маалымат жарыяланган эмес. Анткен менен мекеменин телеграм-тайпасында 091_3 отчеттук формасынын мөөнөтү бүткөнүн айтышууда.


Салык кызматынын сайтынан скриншот. Салыкчылардын акыркы аптадагы жаңылыктары