Сот Атамбаев жана «Бишкек 24» басылмасын Жунусбековго 30 миң сомдон төлөөнү милдеттендирди

Сот Аза кызматын көрсөтүү агенттигинин жетекчиси Төрөхан Жунусбековдун Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Кадырбек Атамбаевге жана «Бишкек 24» басылмасына каршы берген арызын жарым жартылай канааттандырды. Бул тууралуу 20-июнда Биринчи май райондук сотунан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, райондук сот Атамбаев жана «Бишкек 24» басылмасы Жунусбековдун «ар-намысына шек келтирген жана чындыкка дал келбеген маалыматтарды тараткан» деп тапты. 

Сот аларды Жунусбековго «моралдык зыян келтиргени үчүн» 30 миң сомдон төлөп берүүнү милдеттендирди. Аны менен катар, алар буга чейин жарыялаган маалыматтарын төгүндөп, билдирүү таратышы керек.

Өткөн жылдын декабрында Аза кызматын көрсөтүү агенттигинин жетекчиси Төрөхан Жунусбеков Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Кадырбек Атамбаевди жана «Бишкек 24» басылмасын сотко берген. Ага дейре Атамбаев Жунусбеков башкарган агенттиктеги коррупция тууралуу айтып чыккан.

Жунусбеков Кадыр Атамбаев менен аталган сайт аны «негизсиз каралап жатат» деп билдирген. Ал Атамбаев айтып жаткан коррупциялык схема 2021-жылы катталганын айтып, кызматка «андан соң келгенин» кошумчалаган.

Атамбаевдин коррупция тууралуу билдирүүсү

2022-жылдын октябрында Кадырбек Атамбаев Аза кызматын көрсөтүү агенттигиндеги коррупция тууралуу айтып чыккан. Жунусбековдун кол алдындагы кызматкерлер ал ишке киришкенден бери сөөк коюуда «коррупциялык схема түзүлгөнүн» белгилешкен.

Алардын айтымында, Түштүк-Батыш көрүстөнү мэриянын 2020-жылдагы токтому менен жабылганына карабай, «чоң өлчөмдөгү суммага» сөөк көмүү иштери улантылууда.

Ошондой эле алар көрүстөндө тиешелүү документтери жок эле жерге берүү иштери жүргүзүлүп жатканын жана көмүү кызматы үчүн кардарлардан белгиленген баалардан ашыкча акча талап кылынарын кошумчалашкан.

Ал эми Жунусбеков бул айыптоолорду четке кагып, билдирүүлөрдү «иштен алынган кызматкердин айла-амалдары» катары баалаган.

Төрөхан Жунусбеков деген ким?

Активист Төрөхан Жунусбеков 2022-жылы 18-мартта «Бишкектин Аза кызматтарын көрсөтүү агенттиги» муниципалдык ишканасынын жетекчиси болуп дайындалган.

Ал президент Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев түптөгөн «Мекенчил» партиясынын мүчөсү. 2020-жылы мартта Садыр Жапаровдун тарапташтарынын Ала-Тоо аянтындагы митингине катышкан.

2020-жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого дал ушул партиянын катарында катышкан. Ал эми ошол эле жылы октябрда бийлик алмашкандан кийин Жунусбеков Бишкек шаарынын мэрлик кызматы үчүн да күрөшкөн.

2020-жылдын декабрь айында «Мегакомдун» башкы директорунун кеңешчиси болуп дайындалган. Жунусбеков президенттик шайлоо өнөктүгү учурунда Садыр Жапаровдун үгүт иш-чараларында катышкан — Боршайком бул боюнча милицияга да кайрылган.

Ал арада Жапаровдун өкүлү Александр Мощин Жунусбеков алардын штабына тиешеси жоктугун билдирген, ал эми «Мегакомдон» Жунусбеков «эмгек өргүүсүндө экенин» кабарлашкан.

Жунусбеков ээлеген кызматынан 2021-жылдын август айында өз каалоосу менен кеткен. Ошондой эле ал 2021-жылы парламенттик шайлоого №21 Талас округунан катышып, бирок жеңишке жеткен эмес.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кадырбек Атамбаев: Жунусбеков жетектеген Аза кызматын көрсөтүү агенттигинде коррупциялык схемалар бар