Аза кызматын көрсөтүү агенттигинин жетекчиси Жунусбеков Кадырбек Атамбаевди сотко берди

Аза кызматын көрсөтүү агенттигинин жетекчиси Төрөхан Жунусбеков Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Кадырбек Атамбаевди сотко берди. Бул тууралуу ал 19-декабрда фейсбук барагына жазды. Буга чейин Атамбаев Жунусбеков башкарган агенттиктеги коррупция тууралуу айтып чыккан.

Ошондой эле Жунусбеков «Бишкек 24» басылмасын дагы сотко бергенин белгиледи. Ал Кадыр Атамбаев менен аталган сайт аны «негизсиз каралап жатат» деп эсептейт.

«Мафиянын буйрутмаларын аткарып, тынбай жамандап келе жаткан жаран Кадыр Атамбаев менен “Бишкек 24” интернет каналы боюнча Биринчи май райондук сотуна кайрылууну чечтик. Сиздерди соттун жүрүшү менен тааныштырып турабыз. Кимдер ортого түшкөнүн да чогуу көрөбүз», — деди ал.

Жунусбеков vesti.kg басылмасына курган маегинде ал бир нече жолу Социал-демократтар партиясынын жетекчилери Кадыр Атамбаев жана Темирлан Султанбеков менен сүйлөшүүгө аракет кылганын белгилеп, бирок алар «качып жататканын» айтты.

«Сотко доо арыз берүү — ар намысымды коргоо үчүн жасаган акыркы нерсе болду. Балким мен аркылуу Кадырбек Атамбаев мен колдогон президентибизге болгон ишенимди кетиргиси келип жатса керек», — деген пикирин билдирди ал.

Жунусбеков Атамбаев айтып жаткан коррупциялык схема 2021-жылы катталганын айтып, ал кызматка «андан соң келгенин» кошумчалады.

Ал эми Биринчи май райондук соту Жунусбековдон доо арыз келип түшкөнүн тастыктап, учурда материалдар каралып жатканын билдирди.

Атамбаевдин коррупция тууралуу билдирүүсү

Үстүбүздөгү жылдын 31-октябрында Кадырбек Атамбаев Жунусбековдун кол алдындагы кызматкерлерге таянып, Аза кызматын көрсөтүү агенттигинде коррупциялык схемалар бар экенин айтып чыккан.

Кызматкерлер Жунусбеков кызматка келгенден бери сөөк коюуда «коррупциялык схемалар түзүлгөнүн» белгилешкен.

Алардын айтымында, Бишкек шаардык мэриясынын 2020-жылы 8-декабрда чыккан токтому менен Түштүк-Батыш көрүстөнүнүн жабылганына карабастан «чоң өлчөмдөгү суммага» сөөк көмүү иштери улантылууда.

Ошондой эле алар көрүстөндө маркумдардын тиешелүү документтери жок эле жерге берүү иштери жүргүзүлүп жатканын жана көмүү кызматы үчүн кардарлардан белгиленген баалардан ашыкча акча талап кылынарын кошумчалашкан.

Ал эми Жунусбеков бул айыптоолорду четке кагып, билдирүүлөрдү «иштен алынган кызматкердин айла-амалдары» катары баалаган.

Төрөхан Жунусбеков деген ким?

Активист Төрөхан Жунусбеков 18-мартта «Бишкектин Аза кызматтарын көрсөтүү агенттиги» муниципалдык ишканасынын жетекчиси болуп дайындалган.

Ал президент Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев түптөгөн «Мекенчил» партиясынын мүчөсү. 2020-жылы мартта Садыр Жапаровдун тарапташтарынын Ала-Тоо аянтындагы митингине катышкан.

2020-жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого дал ушул партиянын катарында катышкан. Ал эми ошол эле жылы октябрда бийлик алмашкандан кийин Жунусбеков Бишкек шаарынын мэрлик кызматы үчүн да күрөшкөн.

2020-жылдын декабрь айында «Мегакомдун» башкы директорунун кеңешчиси болуп дайындалган. Жунусбеков президенттик шайлоо өнөктүгү учурунда Садыр Жапаровдун үгүт иш-чараларында катышкан — Боршайком бул боюнча милицияга да кайрылган.

Ал арада Жапаровдун өкүлү Александр Мощин Жунусбеков алардын штабына тиешеси жоктугун билдирген, ал эми «Мегакомдон» Жунусбеков «эмгек өргүүсүндө экенин» кабарлашкан.

Жунусбеков ээлеген кызматынан 2021-жылдын август айында өз каалоосу менен кеткен. Ошондой эле ал 2021-жылы парламенттик шайлоого №21 Талас округунан катышып, бирок жеңишке жеткен эмес.

Автору: Каным Кыдырова
Редактору: Найзабек Мукамбетов

Тема боюнча:

Кадырбек Атамбаев: Жунусбеков жетектеген Аза кызматын көрсөтүү агенттигинде коррупциялык схемалар бар