Кадырбек Атамбаев: Жунусбеков жетектеген Аза кызматын көрсөтүү агенттигинде коррупциялык схемалар бар

Төрөхан Жунусбеков

Аза кызматын көрсөтүү агенттигинин кызматкерлери ишкананын башчысы Төрөхан Жунусбековдун жетекчилигинде коррупциялык схемалар түзүлүп жатканын билдиришти. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңештин депутаты Кадырбек Атамбаев айтып чыкты.

Ал эми Жунусбеков дарегине карата тагылган айыптарды «иштен алынган кызматкердин айла-амалдары» деп эсептээрин билдирди.

«Миңдеген долларларды сурашат»

Жунусбеков Аза кызматын көрсөтүү агенттигинин жетекчилигине 2022-жылдын март айында дайындалган. Кызматкерлер ал келгенден бери сөөк коюуда «коррупциялык схемалар түзүлгөнүн» айтышкан.

«Тосмонун сыртындагы орундар үчүн Аза кызматын көрсөтүү агенттиги бейрасмий түрдө чоң өлчөмдөгү миңдеген долларларды сурашат. Буга чейин кармалгандар да, камакка алуулар да болгон, бирок схема дагы эле иштеп жатат», — деп билдирди Кадырбек Атамбаев.

Депутаттын билдирүүсүнө ылайык, аталган ишкананын кызматкерлери агенттиктин ишмердүүлүгүндө «мыйзам бузуулар бар экенин» белгилешти.

Алардын айтымында, Бишкек шаардык мэриясынын 2020-жылы 8-декабрда чыккан токтому менен Түштүк-Батыш көрүстөнүнүн жабылганына карабастан «чоң өлчөмдөгү суммаларга» сөөк көмүү иштери улантылууда.

Ошондой эле алар көрүстөндө маркумдардын тууганчылыгы жөнүндөгү документтери жок эле жерге берүү иштери жүргүзүлүп жатканын, мындан тышкары көмүү кызматы үчүн кардарлардан белгиленген баалардан ашыкча каражат талап кылынарын айтышты.

«Көмүү кызматынын агенттиктен бекитилген баасы 6000 сомду түзгөнүнө карабай, сөөк коюу үчүн кардарлардан 26 миң сом өлчөмүндөгү төлөм алынат. Муну ал [Төрөхан Жунусбеков] Эмгек мыйзамына карама-каршы келген буйруктарды берүүгө мажбурлап, мыйзамсыз түрдө жумуштан чыгарууга аракет кылган Түндүк көрүстөнүнүн кызматкерлери тастыктай алат», — деп белгилешти.

Ошондой эле кызматкерлер жетекчи соцтармактарда өзү тууралуу «жакшы пикирлерди жазууга мажбурларын» билдиришти.

Муниципалдык ишкананын кызматкерлери жетекчиликке карата арыз менен «Социал-Демократтар» фракциясына жана шаардык мэрияга кайрылышкан.

Аза кызматын көрсөтүү агенттигинин жетекчиси Төрөхан Жунусбеков шаардык кеңештин депутаты Кадырбек Атамбаевдин айыптоолоруна карата 24.kg басылмасына комментарий берди.

Анда ал ишкананын кызматкерлери мыйзамсыз иш-аракеттер менен алектенгендерди кармап, тиешелүү органдарга өткөрүп бергенин айтты. Ошондой эле ал өзүнө карата тагылган айыптардын баарын «иштен алынган мурдагы кызматкердин айла-амалдары» деп эсептейт.

Төрөхан Жунусбеков деген ким?

Активист Төрөхан Жунусбеков 18-мартта Бишкектин Аза кызматтарын көрсөтүү агенттиги муниципалдык ишканасынын жетекчиси болуп дайындалган.

Ал президент Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев түптөгөн «Мекенчил» партиясынын мүчөсү. 2020-жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого дал ушул партиянын катарында катышкан.

Жунусбеков 2007-жылы «Кыргызстандын татыктуу келечеги» бирдиктүү фронтунун өкүлү болгон. Андан тышкары, ал 2017-жылы Таласта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин сөздөрүнө нааразы болуп, 2019-жылы Көркөм сүрөт өнөр музейиндеги «Феминнале» көргөзмөсүнө каршы митингдерге чыккан. 2020-жылы мартта Садыр Жапаровдун тарапташтарынын Ала-Тоо аянтындагы митингине катышкан.

Ал эми 2020-жылы октябрда бийлик алмашкандан кийин Жунусбеков Бишкек шаарынын мэрлик кызматы үчүн да күрөшкөн. Ал Нариман Түлеевдин калаа башчылыгына дайындалганына каршы чыккан. Көп өтпөй мэрликке Балбак Түлөбаевдин талапкерлиги сунушталгандан кийин Жунусбеков мэрлик кызматты мээлеген дымагынан баш тарткан.

2020-жылдын декабрь айында «Мегакомдун» башкы директорунун кеңешчиси болуп дайындалган. Жунусбеков президенттик шайлоо өнөктүгү учурунда ошол кезде талапкер Садыр Жапаровдун үгүт иш-чараларында катышкан — Боршайком бул боюнча милицияга да кайрылган.

Ал арада Жапаровдун өкүлү Александр Мощин Жунусбеков алардын штабына тиешеси жоктугун билдирген, ал эми «Мегакомдон» Жунусбеков «эмгек өргүүсүндө экенин» кабарлашкан.

Жунусбеков ээлеген кызматынан 2021-жылдын август айында өз каалоосу менен кеткен. Ошондой эле ал 2021-жылы парламенттик шайлоо №21 Талас округунан катышып, бирок жеңишке жеткен эмес.

ТЕМА БОЮНЧА:

Төрөхан Жунусбеков Аза кызматын көрсөтүү агенттигинин жетекчиси болуп дайындалды