«Нелегал» операциясы: Орусия бийлиги 130 кыргызстандыкты депортация кылды

«Нелегал» операциясы өткөндөн кийин Москва жана Москва облусунан 130 кыргызстандык депортацияланды. Бул тууралуу Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин консулу Манас Жолдошбеков «Азаттыкка» билдирди.

Анын айтымында, операция Москвада жана Санкт-Петербургда болгон.

Орусия ИИМнин маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылдын 19-июндан 25-июнга чейин созулган «Нелегал» операциясынын биринчи этабынын жыйынтыгы менен 7 мигрант депортацияланган. Ошондой эле 2 миңден ашык кылмыш иши козголгон.

Операция аяктаганына карабастан, мигранттардын айтымында, кармоо жана текшерүүлөр бүгүнкү күнгө чейин уланып жатат. Күч органдары мигранттарды, парк, кафе жана көчөлөрдөн тосуп алып текшерип жатышат. Ошондой эле 7-июлда Котельники шаарында жана 14-июлда Дзержинск шаарында күч органдары жума намазды үзгүлтүккө учуратышкан.

Соңку расмий маалыматтарга ылайык, Орусия миллионго жакын кыргызстандык эмгектенип жүрөт. Жалпысынан өлкө жарандарынын 1,1 млндон ашыгы эмгек миграциясында жүрөт.

Автору: Бекмырза Исаков.