Ташиев министрлерди Ысык-Көлдө күнгө какталып жүрө бербей эмгек өргүүсүз иштөөгө чакырды

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев министрлерди эмгек өргүүгө чыкпастан, талыкпай иштөөгө чакырды. Бул тууралуу 20-июлда минкабдын жыйынында айтты. Жыйында 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы чыгарылып жатат.

«Министрмин деп креслодо отуруп алып эле ары жак, бери жакта машина менен кайкаңдап же көлгө барып [жүрө бербей], "эл дем алып жатат, мен дагы дем алам" дегенди токтотушубуз керек. Биз көп иштешибиз керек. Дем алуу деген бизде болбошу керек. Бизде көлдө шорта кийип алып, күнгө кактанып жаткан бир дагы министр болбошу керек. Эске туткула, урматтуу министрилер, бир дагы министр көлдө шорта кийип, күнгө кактанып жатканыңарды көрбөйүн! Мен бул боюнча өзүм дагы чоң чара көрөм. Үйдө дем алгыла. Келдиңерби министр болуп, иштегиле. Эмгек өргүү деген бизде болбойт», — деди Ташиев.

УКМКнын башчысы өзүн мисал кылып, бүгүн жумушка таңкы 5те келгенин айтты. Ал министрлер жумушка шаарда тыгын жаратып, саат 9да келбей, таңкы саат 6да келип, кол алдындагыларга үлгү болушу керек деп эсептейт.