Бишкектин Эркиндик бульварында шахмат аллеясы ачылды

Бишкектин Токтогул көчөсү менен Эркиндик бульварынын кесилишинде «Шоро» ишканасы курган шахмат аллеясы ачылды. Бул тууралуу 21-июлда Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.

Аталган социалдык долбоор «Шахмат аллеясы» улуттук «Шоро» компаниясы тарабынан ишке ашырылып, мэриянын балансына өткөрүлүп берилди.

Шахмат аллеясынын салтанаттуу ачылышына шаар тургундары, Кыргыз шахмат союзунун, Тогуз коргоол федерациясынын өкүлдөрү катышты. Ал эми аллеянын кызыл лентасын «Шоро» компаниясынын бакшы директору Кайрат Эгембердиев менен Биринчи май районунун акими Максатбек Сазыкулов кесишти.

«Иш-чара симфониялык оркестрдин күүлөрү менен коштолуп, ар кандай викториналар, сынактар, интерактивдүү оюндар, шахматтык оюндар уюштурулуп, даамдуу фуршет да болду», — деп айтылат мэриянын билдирүүсүндө.

Мындан тышкары, Эл аралык шахмат күнүнө жана аллеянын ачылышына карата уюштурулган шахмат жана тогуз коргоол боюнча мелдештин жаш жеңүүчүлөрү сыйланышты.

«Стол оюндарын сүйүүчүлөр мындай шахмат аянтчасында убакыт өткөрө алышат жана келечекте чоңдор, мектеп окуучулары жана мектеп жашына чейинки балдар арасында шахмат жана тогуз коргоол ойноо боюнча турнирлерди, мастер-класстарды өткөрүү пландалууда», — деп билдиришти муниципалитеттен.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кыргызстандагы жайдын символу болгон «шоро эжелердин» турмушу жана кыялы

Эненин казанынан бизнес-империяга жол. «Шоронун» негиздөөчүсү үй-бүлөлүк иштин элдик брендге айланганы тууралуу