Минкаб SpaceX менен Кыргызстанды Starlink’тин интернетине кошуу мүмкүнчүлүгүн талкуулады

Министрлер кабинетинин төргасынын орун басары Эдил Байсалов Американын SpaceX корпорациясынын өкүлдөрү менен жолугушуп, Кыргызстанды Starlink спутниктик интернетине кошуу мүмкүнчүлүгүн талкуулады. Бул тууралуу 21-июлда минкабдын басма сөз кызматы билдирди.

Эдил Байсаловдун SpaceX’тин өкүлдөрү менен жолугушуусу. Сүрөт: Минкабдын басма сөз кызматы.

Жолугушууда тараптар Starlink корпорациясынын өлкөнүн алыскы алыскы жана жетүүгө кыйын аймактарындагы колдонуучуларды, ошондой эле жалпы билим берүүчү мектептер менен мамлекеттик органдарды интернет менен камсыздоо мүмкүнчүлүктөрү да талкууланганы маалым болду.

Сөзүнүн аягында Эдил Байсалов Кыргызстан Starlink’ке интернетти өлкө боюнча таратуу үчүн тийиштүү лицензияларды берүүгө даяр экенин билдирди.

SpaceX корпорациясынын өкүлдөрү Кыргызстанга ушуну менен экинчи жолу келип жатышат. 2021-жылдын июнунда алар ошол туштагы министр Дастан Догоевдин чакыруусу менен келишкен. Анда жолугушууда «инновациялык санариптик долбоорлорду ишке ашыруу максатында Кыргызстанда Starlink’тин өкүлчүлүгүн ачуунун процедуралык маселелери каралганы» айтылган.

Starlink — бул SpaceX’тин глобалдык спутниктик системасы. Ал интернети кымбат, туруксуз же такыр эле жок жерлерге тез ылдамдыктагы интернетти жеткирүү максатында 2019-жылы түзүлгөн.

Корпорация жер айланасындагы орбитага 42 миң чакан көлөмдөгү спутниктерди учурууну пландап жатат. Алар бүткүл дүйнө жүзүнө жогорку ылдамдыктагы интернеттин жетишин камсыздайт.

Учурда бул система 48 өлкөдө бар. Ал эми SpaceX’тин картасында бул система Кыргызстанда 2024-жылы иштеп баштары көрсөтүлгөн.

SpaceX (Space Exploration Technologies Corporation) — жерге жакын орбитадан космостук аппараттарды кайтарып келе алган дүйнөдөгү жалгыз компания. Аны 2002-жылы америкалык ишкер, инженер жана миллиардер Илон Маск негиздеген. Ошондой эле Илон Маск Twitter’дин ээси жана Tesla’нын башкы директору.

Автору: Медина Шамшидинова.
Башкы беттеги иллюстративдик сүрөт.