«300 миң $ талап кылган». Милиция Ысык-Көлдө өспүрүмдүн уурдалганы боюнча окуяны териштирүүдө

Ысык-Көлдүн Бостери айылында белгисиз бирөөлөр көл жээгинен 12 жаштагы баланы уурдап, ата-энесинен 300 миң доллар талап кылышкан. Бул тууралуу 21-июлда Kaktus.media басылмасы укук коргоо органдарына таянып жазды.

Маалыматка ылайык, окуя 20-июлда саат 08:30 чамасында болгон. Милицияга кайрылган Аламүдүн районунун 48 жаштагы тургуну белгисиз адамдар баласын уурдап кетип, акча талап кылып жатышканын айткан.

Милиция кызматкерлери өспүрүм Бостеридеги «Путинка» жана «Апорт» эс алуу аймагынын ортосундагы көл жээгинен уурдалганын аныкташкан.

«Бала ошол эле күнү Кеминдин Боом капчыгайындагы Муздак-Суу аймагынан башына баштык кийгизилип, колу-буту таңылган абалда табылган. Өспүрүмдү эки адам уурдаганы белгилүү болду», — деп жазылат маалыматта.

Ысык-Көл облустук милициясынан «Клоопко» бул окуя каттоого алынып, териштирүү жүрүп жатканын тастыкташты. Бирок тергөө купуя экенин айтып, окуя тууралуу кийинчерээк толук маалымат берүүнү убадалашты.