Бишкек: Кондиционери бар аялдама видеокөзөмөл орнотулган соң ачылат

Бишкектин Жусуп Абдрахманов жана Киев көчөлөрүнүн кесилишиндеги кондиционери бар аялдама видеокөзөмөл камерасынын жоктугуна байланыштуу жабык турат. Бул тууралуу 21-июлда Биринчи май районунун акими Максатбек Сазыкулов билдирди.

Ал Kaktus.media басылмасына курган маегинде аялдама ачылган биринчи эле түнү белгисиз бирөөлөр ичин таштандыга толтуруп салганын айтып, эртеси күнү жабууга туура келгенин белгиледи.

«Камера коюшубуз керек, антпесе болбойт. Азыр биз уюштуруучулук жана каржылык маселелерди, ошондой эле камера кайсы системага кошулуп, мыйзам бузууларды ким көзөмөлдөй турганын чечип жатабыз», — деди ал.

Аким аялдамада жүргүнчүлөрдүн көптүгүнө байланыштуу кондиционери бар дагы бир павильон куруу пландалып жатканын кошумчалады.

Аялдаманын курулуп жатканы туралуу 10-июлда белгилүү болгон. Ал Биринчи май райондук акимчилиги менен «Бакай банктын» ортосунда түзүлгөн келишим боюнча ишке ашырылган.

Долбоорго ылайык, аялдама жайкысын ичинде салкындатуучу жана кышкысын жылытуучу системасы бар жабык павильон болушу керек. Ошондой эле аялдамага Wi-Fi, майыптыгы бар адамдар үчүн пандус, жарнамалык лайт-бокс жана карта-схема, интерактивдүү сенсордук LCD монитор орнотулат.

Мындан тышкары, аялдамага «Коопсуз шаар» системасын орнотулуп, бир нече метр аралыкт болуп жаткан кыймылды күнү-түнү тартуу мүмкүнчүлүгү бар видеокөзөмөл камераларын орнотуу пландалып жатканы айтылган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бир кадр менен: Бишкекте кондиционери бар аялдама пайда болду