«Күйөөсү зомбулук көрсөтүп жүргөн». Казакстанда кыргызстандык аял асынып алганы кабарланды

Сүрөт: Tengrinews.kz.

Казакстандын Алматы шаарында кыргызстандык аял кичинекей балдарынын көзүнчө асынып алды. Бул тууралуу 20-июлда Tengrinews.kz. басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Жибек Аменова аттуу активист соцтармактагы барагына Алматынын Мамыр кичи районунда суицид болгонун кабарлаган.

Активистке маркумдун кошуналары буга чейин күйөөсү ага зомбулук көрсөтүп жүргөнүн айтып беришкен. Алматы шаардык милициясы «Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү» беренеси менен кылмыш ишин козгогону айтылууда.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен каза болгон аял Ош облусунда туулганын тастыкташты. 29 жаштагы маркум 2021-жылы кыргыз жарандыгынан чыгып, казак жаранына баш кошкон.

Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин акыркы маалыматына ылайык, Казакстанда 30 миңге чукул кыргызстандык жашап, иштеп жүрөт.

Ал эми Казактанда январдан майга чейин үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча полицияга 35 миңден ашуун арыз түшкөн, 6 миңдей киши административдик, ал эми 300 киши кылмыш жообуна тартылган.