Чек арадагы жаңжалда каза болгондордун жакындары жана жабыркагандар социалдык коргоого алынат

2021-жылдын апрелиндеги жана 2022-жылдын сентябрындагы Баткен, Ош облустарындагы чек ара жаңжалында каза болгондордун жакындары жана жабыркагандар социалдык коргоого алынат. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров 20-июлда кол койду.

Мыйзам кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта каза болгондордун үй-бүлөсүнө жана жабыркагандарга мамлекеттик колдоону камсыз кылуу максатында кабыл алынганы айтылат.

Ага ылайык, жаңжалда каза болгондордун балдарына жана ата-энесине, ошондой эле жабыр тарткан, майыптыгы бар деп таанылгандарга мыйзамдарда белгиленген социалдык төлөмдөргө кошумча ай сайын жөлөкпул берилет. Анын өлчөмүн Министрлер кабинети аныктайт.

Жаңжалда каза болгондордун жакындарына каралчу социалдык кепилдиктер:

  • Мамлекеттик ден соолукту чыңдоочу лагерлерге жана мекемелерге кезексиз жана акысыз кабыл алуу;
  • Башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын бюджеттик бөлүмдөрүнө квота берүү;
  • 18 жашка чейинки балдарда акысыз медициналык кароодон өткөрүү жана медициналык жардам көрсөтүү;
  • Жеке турак жай курам дегендерге бир ирет жер участогун биринчи кезекте берүү;

Жаңжалда жабыр тарткандарга каралчу социалдык кепилдиктер:

  • Медициналык тейлөө жана дары-дармек менен камсыз кылууда жеңилдиктери берүү;
  • Биринчи деңгээлдеги дарылоочу-профилактикалык уюмдарда артыкчылыктуу тейлөө жана стационарларга кезексиз жаткыруу;
  • Медициналык корутундуларга ылайык протездик-ортопедиялык буюмдар менен акысыз камсыз кылуу;
  • Санаторийлерге, профилакторияларга жана эс алуу үйлөрүнө иштеген жери боюнча жолдомо аркылуу камсыз кылуу артыкчылыгы;
  • Аскердик кызмат өтөөдөн бошотуу;
  • Жеке турак жай курам дегендерге бир ирет жер участогун биринчи кезекте берүү;
    Чөп чабуу үчүн участокторду жана малды жаюу үчүн жайыттарды биринчи кезекте берүү;
  • Алар жашаган турак жайларын жеке менчикке акысыз өткөрүп берүү;
  • Улгайгандар жана майыптыгы бар адамдар үчүн жатак үйлөргө кезексиз кабыл алуу жана тейлөө.

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал

2021-жылы 28-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 36 кыргызстандык курман болуп, 170тен ашуун тургун жараат алган. Жаңжалда бир катар үйлөр, социалдык объектилер жарактан чыккан. Тажикстан 19 жараны мерт болгонун кабарлаган.

Куралдуу кагылыш 2022-жылдын 14-17-сентябрында да кайталанып, атышуу мамлекеттик чек аранын бардык периметринде жүргөн. Кыргызстандан 63 киши курман болуп, 206 адам жабыркаган.

Ал эми тажик бийлиги кагылышууда 41 тажик жараны каза таап, 20дан ашык кишиси жабыркаганын белгилеген. Бирок «Озоди Радиосу» жеке булактарына таянып, каза болгондордун саны 81 киши экенин жазган.