Энергетика министрлиги Бишкек ЖЭБине көмүр ташуу боюнча Абировдун компаниясы менен келишим түздү

24-июлда Энергетика министрлиги Бишкек шаардык жылуулук борборуна Казакстандын Шубаркүл кенинен көмүрдүн биринчи партиясы ташылып келгенин билдирди. Аны экс-депутат Жаныбек Абировдун атасы Болотбек Абировго таандык компания алып келди.

Министрликтин маалыматында көмүр ташып келүүгө «Гефест инновациялык компаниясы» менен 550 миң тонна көмүр алып келүү боюнча келишим түзүлгөнү айтылат.

«Алдыдагы жылытуу мезгилине Бишкектин ЖЭБине 1,5 миллион тонна көмүр керектелет. [...] Көмүрдүн кийинки партиясы, 48 вагон жакынкы күндөрү графиктин негизинде жеткирилет. 550 миң тонна көмүрдү жеткирүү график менен март айына чейин созулат», — деп белгилешти министрликтен.

Буга чейин Энергетика министрлиги Кыргызстандан көмүр ташып чыгууга убактылуу тыюу салууну сунуштаган. Мындай чара келе жаткан күз-кыш мезгилинен ийгиликтүү чыгуу үчүн зарыл экени белгиленген.

Абиров деген ким?

«Гефест инновациялык компаниясынын» ээси — Жогорку Кеңештин экс-депутаты Жаныбек Абировдун атасы, Болотбек Абиров.

Kaktus.media басылмасы буга чейин Бишкек ЖЭБине көмүр жеткирүү боюнча тендер өтүп, анда «Гефест» компаниясы утулуп калганын жазды. Басылманын маалыматына ылайык, кийин тендер жокко чыгарылып, Абировго таандык компания менен түз келишим түзүлгөн.

Басылма жарыялаган келишимде көмүрдү жеткирүүнүн жалпы наркы 3 млрд 263,1 млн сом деп көрсөтүлгөн. Жокко чыгарылган тендерде болсо «Гефест» көмүр жеткирүүнү 2 млрд 92,3 млн сомго баалаган.

Болотбек Абиров 2010-жылдары Бишкек ЖЭБин бир нече жыл көмүр менен камсыздаган «Рассвет Компани» жана «Прогресс Компани» ишканасынын негиздөөчүсү болгон. 2016-жылы көмүр жеткирүүдө жаңжал чыккан.

Анда мурдагы башкы прокурор Аида Салянова ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев 6 жыл бою Абировго таандык компанияны сүрөмөлөп, алда канча пайдалуу жеткирүүчүлөрдү четке каккан деп билдирген. Кийин бул Атамбаевдин кол тийбестигинен ажыратууга бирден-бир негиз болгон.