Казакстан: Кыргыз жаранына кол көтөргөн экс-чемпион Бейбут Шуменовго издөө жарыяланды

Казакстанда кыргыз жаранын сабоого шектелип жаткан бокс боюнча дүйнөнүн экс-чемпиону Бейбут Шуменовго издөө жарыяланды. Бул тууралуу билдирүү 24-июлда Казакстандын Укуктук статистика жана атайын эсеп органдарынын порталына жарыяланды.

Маалыматта Казакстандын ИИМи 39 жаштагы Шуменовду эки күндөн бери издеп жатканы айтылат. 

Буга чейин соцтүйүндө мушкер Шуменовдун Казакстандагы MEGA Silk Way соода борборундагы балдар ойноочу аянтчада уулу менен отурган кишиге кол көтөргөнү тартылган видео тараган. Кийин окуя 18-июнда эле болгону аныкталган.

Соцтүйүнгө тараган видеодон мушкер балалуу кишиге барып, бир нерселерди айтып, анан мойнунан тартканын көрүүгө болот. Андан соң экөө мушташа кеткен. Уруштун чыгышына балдардын оюн аянтчасындагы пикир келишпестиги себеп болгону айтылган.

Алгач жерине келген полиция кызматкери иш козгогон эмес. Кийин жабырлануучу жактоочу жалдап, кайрадан укук коргоо органдарына кайрылган. ИИМ «Бейбаштык» беренеси менен иш козгоп, окуяга көз жумуп койгон аймактык полиция кызматкерине карата иликтөө баштаган.

Кийин Шуменов окуя тууралуу пикир билдирип, ага видеодогу киши «бычак кесегенде, куралсыздандырууга аракет кылганын» билдирген. Ал бул окуядан чуу жаратып жатышканын айтып, кимдир бирөөнүн кызыкчылыгы бар деп эсептейт.

Кыргыз жарандары Казакстанга жашап, иштегени барышат. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин акыркы маалыматына ылайык, Казакстанда 30 миңге чукул кыргызстандык бар.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Күйөөсү зомбулук көрсөтүп жүргөн». Казакстанда кыргызстандык аял асынып алганы кабарланды