Бишкек: Маршруттук таксиде бараткан киши жүргүнчү кызга кол салды

Бүгүн, 25-июлда Бишкекте №175 маршруттук таксиде бараткан киши жүргүнчү кызга кол салды. Бул тууралуу «Клоопко» жабыркаган кыздын курбусу, Борбордук Азиядагы дебаттык билим берүү ассоциациясынын (IDEA) директору Айзат Русланова билдирди.

Анын айтымында, окуя эртең менен саат 10до болгон. Маршрутка бараткан киши кызды алгач ургулап, андан кийин муунта баштаган.

«Бегимай [жабырлануучу] маршруткада жумушка бараткан экен. Жанында бир киши жабышып туруп алып, аны тиктеп атыптыр. Бегимай андан “эмнеге карап атасыңар?” деп сураса “э, былжырабачы” деп жооп бериптир. Бегимай “мага ушинтип сүйлөгүдөй силер кимсиңер?” дегенде берки киши аны бир нече жолу чаап, муунта баштаптыр. Бегимай мойнунан [кол салуучунун] колун алууга тырмышып, кулап кала жаздап, тирөөчтү кармап калыптыр», — деп айтып берди окуянын чоо-жайын Русланова.

Русланованын айтымында, жүргүнчүлөрдүн бирөөсү да, ал түгүл айдоочу да кол салган кишини токтотуп, кызга жардам берген эмес.

«Курбум айдоочудан жардам сураптыр, бирок укпай коюптур. [Курбум] ага (кол салуучуга) кыйкырып, сөгүптүр. Маршруткада бараткандар Бегимайдан тынчтанууну суранып, бирок берки кишиге эч нерсе дешпептир. Курбум маршруткадан ыйлаган бойдон, эс учун жоготоюн деген абалда араң түшүп кетиптир. Жүргүнчүлөр артынан кыйкырышыптыр», — дейт жабыркаган кыздын курбусу.

Русланова курбусу Биринчи май РИИБне арыз жазганын, ага соттук-медициналык экспертиза дайындалганын кошумчалады.

«Тез жардам менен Тоголок Молдо/Москва дарегиндеги ооруканага келип, рентгенден өттүк, врач баарын көрүш үчүн кошумча томография дайындады. Азыр соттук-медицияналык экспертизага баратабыз», — деди курбусуна жардам келген Русланова.

Бишкекте коомдук транспортто аялдарга кол салуу учурлары буга чейин дагы катталган. Кол салгандар дээрлик дайыма, арыкча ЖМК же соцтүйүндөрдө коомчулук үчүн чагылдырылбаса жазадан кутулуп кетишет.

Тема боюнча:

«Досума орун бербей койду». Бишкекте автобустун жүргүнчүсү кызга кол салды

Коомдук транспортто аялдарга жана өспүрүм кызга сексуалдык ыдык көрсөткөн киши айыпка жыгылды