Коомдук транспортто аялдарга жана өспүрүм кызга сексуалдык ыдык көрсөткөн киши айыпка жыгылды

Октябрь райондук соту коомдук транспортто аялдарга жана өспүрүм кызга сексуалдык ыдык көрсөткөн кишиге 5 500 сом айып салды. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, белгисиз адамдын аялдарга жана кыздарга ыдык көрсөткөнү тууралуу видео соцтүйүнгө жарыяланган соң, 7-июлда ал киши кармалып, тергөө кызматына жеткирилген. Бирок сотко чейинки териштирүүдө анын аракетинде кылмыштын курамы жок деп табылып, иш козголгон эмес.

Ошол эле учурда, райондук милициядан билдиришкендей, Октябрь райондук соту 8-июлда ыдык көрсөткөн делген кишини «майда бейбаштык» беренеси менен 5 500 сом айыпка жыккан.

Окуя кандай болгон?

6-июлда Бишкек шаарынын тургуну Твиттер барагына № 164 маршруткада баратканда белгисиз кишинин аялдарга жана өспүрүм кызга сексуалдык ыдык көрсөткөнүнө күбө болгонун жазган.

«Автобуста жыныс мүчөсүн аялдарга такап жаткан бейбаш байкалды. [...] Маршруткада жүргүчүлөр жык болгондуктан, мен эшиктин алдында турсам, жыныс мүчөсүн мага сүйкөй баштады! Алгач бул транспорт жык болгон үчүн го деп ойлогом. Андан кийин аны ачуулу көз караш менен карадым. Ошондо тиги шүмшүк менден алыстап кетти!» — деп жазган ал.

Тургундун айтымында, ал киши жылып барып жыныс мүчөсүн башка аялдарга такай баштаган. Мындан тышкары, күбөнүн айтымында, белгисиз киши бир убакта 13-14 жаштагы кызга сүйкөнө баштаган.

Аны көрүп окуя тууралуу жазып чыккан кыз кыйкырып жиберген. Бирок ыдык көрсөткөн бала Ахунбаев/Молдокулов көчөлөрүнүн кесилишиндеги аялдамадан качып чыкгып кеткен.

Тема боюнча:

Шаар тургуну маршруткада белгисиз киши аялдарга жана өспүрүмгө ыдык көрсөткөнүн билдирди