Экология министрлигиндеги коррупция: Экс-министр Кутманова 9-августка чейин камакка алынды

«Ири коррупциялык тармакты» уюштурууга шектелип жаткан мурдагы жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова 9-августка чейин камакка алынды. Бул тууралуу 25-июлда Биринчи май райондук сотунан кабарлашты.

Кутманованын камакка алынганы тууралуу 25-июлда белгилүү болду. УКМКдан ал «мамлекеттик акчаны кымырып алуу боюнча ири коррупциялык тармакты уюштурган» деп белгилешти.

Буга чейин, 22-июлда Жаратылыш ресурстары министрлиги менен «Жаратылышты өнүктүрүү» фондундагы «коррупция» боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Кутманованын жакын адамдары делген сегиз киши кармалган.

Ошол эле күнү Кутманова Түркиядагы уулун белгисиз бирөөлөр уурдап кеткенин айтып чыккан. Эртеси УКМК экс-министрдин уулу Түркияда «коррупцияга» шектелип кармалып, депортациялоо маселеси каралып жатканын бидиришкен.

Кутманованын иши тууралуу президент Садыр Жапаров да комментарий берип, баласынын уурдалганы тууралуу маалыматты «жоопкерчиликтен качыш үчүн өздөрү уюштуруптур» деп билдирген.

Ташиевдин эскертүүсү, Кутманованын жообу

20-июлда минкаб 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы чыгарган. Жыйында Ташиев коррупцияга аралашкандар «жазасыз калбай турганын, же бүгүн, же эртең жазаланарын» эскерткен. Ал мурдагы жаратылыш ресурстары министри Динара Кутманованы мисал келтирип, анын «Кумтөрдөгү» ишин сынга алган.

Ташиевдин айтымында, бир жылда «Кумтөрдөн» бир катар долбоорлор үчүн төрт млн доллар бөлүнгөн, бирок бир дагы долбоордон «натыйжа болгон эмес». Ташиев Кутманова өз балдарын, сиңдисин жана досторун ишке тартканын айткан. УКМКнын башчысы буга тиешелүүлөр жазасын аларын кошумчалаган.

Кийин Кутманова Ташиевдин айткандарын четке каккан. Кутманова өзү тууралуу туура эмес жана бир тараптуу маалымат жеткирилип жатканын айткан.

Динара Кутманова министр болуп 2021-жылдын 13-октябрында дайындалган. Ага чейин Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болгон. Кийин бул мекеме жоюлуп, министрлик болуп кайра түзүлгөн.

2022-жылы министрлик аткаруу бийлигинин ишин мониторинг кылууда «төмөн» баа алган. Ал эми 2023-жылдын мартында Динара Кутманова мекеменин жетекчилик кызматынан алынган.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Коррупция». УКМК экс-министр Кутманованын жакындары менен кесиптештерин кармады

«Жоопкерчиликтен качыш үчүн спектакль». Президент экс-министр Кутманованын уулу Түркияда уурдалбаганын айтты