«Түркияда кармалган». ИИМ экс-министр Кутманованын уулу уурдалбаганын билдирди

Мурдагы жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманованын уулу Кемелбек Кутмановдун Түркияда уурдалганы тастыкталган жок. Бул тууралуу 22-июлда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 27-июнда Кемелбек Кутманов УКМК тарабынан издөөгө алынган. Ал эми 11-июлда Түркияда миграция кызматы тарабынан кармалып, учурда аны депортациялоо маселеси каралууда.

Буга чейин экс-министр Түркиядагы уулун белгисиз бирөөлөр уурдап кетип, «Кыргызстандагы айрым адамдардын буюртмасы» деп 2 миллион доллар талап кылышканын айтып чыккан.

Кутманова уулун уурдоо боюнча ишти Бишкек ШИИБнин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы Улан Айтбаев жетектегенин белгилеген. Анын айтымында, Айтбаев экс-министрге «уурдагандар баласын майып кылып койбосу үчүн бул туралуу ЖМК жана коомчулукка билдирбөөнү» эскерткен.

Кутманова уулун ким, кимдин буюртмасы менен уурдаганын аныктап берүү өтүнүчү менен ИИМге, Кыргызстандын Түркиядагы элчилигине жана ТИМге арыз менен кайрылган. Бирок эч кандай жооп алган эмес.

22-июлда УКМК Жаратылыш ресурстары министрлиги менен «Жаратылышты өнүктүрүү» фондундагы «коррупция» боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Кутманованын жакын адамдарын жана кесиптештерин кармаган.

Атайын кызмат «Жаратылышты өнүктүрүү» фондунда каражаттарды максатсыз пайдалануу, мыйзамсыз келишим түзүү жана Кутманованын үй-бүлөсү тарабынан акчаны кымырып алуу фактыларын аныктаган.

Ташиевдин эскертүүсү, Кутманованын жообу

20-июлда минкаб 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы чыгарган. Жыйында Ташиев коррупцияга аралашкандар «жазасыз калбай турганын, же бүгүн, же эртең жазаланарын» эскерткен. Ал мурдагы жаратылыш ресурстары министри Динара Кутманованы мисал келтирип, анын «Кумтөрдөгү» ишин сынга алган.

Ташиевдин айтымында, бир жылда «Кумтөрдөн» бир катар долбоорлор үчүн 4 млн доллар бөлүнгөн, бирок бир дагы долбоордон натыйжа болгон эмес. Ташиев Кутманова өз балдарын, сиңдисин жана досторун ишке тартканын айткан. УКМКнын башчысы буга тиешелүүлөр жазасын аларын кошумчалаган.

Кийин Кутманова Ташиевдин айткандарын четке каккан. Кутманова өзү тууралуу туура эмес жана бир тараптуу маалымат жеткирилип жатканын айткан.

Ал «Кумтөрдүн» каржатына каржыланган 110 долбоордун натыйжасыз болгондугун да четке каккан. Ал өз жүйөсүн айтып бериш үчүн Ташиевге кайрылып, кабыл алуусун суранган.

Динара Кутманова министр болуп 2021-жылдын 13-октябрында дайындалган. Ага чейин Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болгон. Кийин бул мекеме жоюлуп, министрлик болуп кайра түзүлгөн.

2022-жылы министрлик аткаруу бийлигинин ишин мониторинг кылууда «төмөн» баа алган. Ал эми 2023-жылдын мартында Динара Кутманова мекеменин жетекчилик кызматынан алынган.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Коррупция». УКМК экс-министр Кутманованын жакындары менен кесиптештерин кармады

Мурдагы жаратылыш ресурстары министри Динара Кутманова Ташиевге жооп берди