УКМК экс-министр Кутманованы «ири коррупциялык тармакты» уюштурууга шектеп кармады

Динара Кутманова.

Мурдагы жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова министрликтеги «ири коррупциянын башкы уюштуруучусу» катары шектелип кармалды. Бул тууралуу 25-июлда УКМКдан кабарлашты. 

Атайын кызмат Кутманова министр кезинде бардык ыйгарым укукка ээ болуу менен, жогорку бийлик өкүлдөрү тарабынан берилген ишенимге карабай, жеке амбициясы жана кызыкчылыгын көздөп, мамлекеттик акчаны кымырып алуу боюнча ири коррупциялык тармакты уюштурган деп билдирди.

«Экс-министр мыйзамсыз коррупциялык иштерге кол алдындагы кызматкерлерди эле эмес, өзүнүн жакындарын (уулу жана сиңдисин), жакын чөйрөсүн (үй кызматкери, уулунун досу) тартуу менен жаратылышты жана экологияны коргоо тармагы үчүн жасалма долбоорлорду каржылоого арыз берүүнү уюштурган», — дешти УКМКдан.

Кутманова УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Атайын кызматтан башка ушул сыяктуу учурларды аныктоо иштери жүрүп жатканын кошумчалашты.

Министрликтеги коррупция

22-июлда УКМК Жаратылыш ресурстары министрлиги менен «Жаратылышты өнүктүрүү» фондундагы «коррупция» боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Кутманованын жакын адамдары делген сегиз кишини жана кесиптештерин кармаган.

Атайын кызмат «Жаратылышты өнүктүрүү» фондунда каражаттарды максатсыз пайдалануу, мыйзамсыз келишим түзүү жана Кутманованын үй-бүлөсү тарабынан акчаны кымырып алуу фактыларын аныктаган.

Ошол эле күнү Кутманова Түркиядагы уулун белгисиз бирөөлөр уурдап кетип, «Кыргызстандагы айрым адамдардын буйрутмасы» деп 2 миллион доллар талап кылышканын айтып чыккан.

Эртеси күнү УКМКдан Кутманованын уулу Түркияда миграция кызматы тарабынан «коррупцияга» шектелип кармалып, депортациялоо маселеси каралып жатканын бидиришкен.

Кутманованын иши тууралуу президент Садыр Жапаров да комментарий берип, баласынын уурдалганы тууралуу маалыматты «жоопкерчиликтен качыш үчүн өздөрү уюштуруп коюшуптур» деп билдирген.

Ташиевдин эскертүүсү, Кутманованын жообу

20-июлда минкаб 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы чыгарган. Жыйында Ташиев коррупцияга аралашкандар «жазасыз калбай турганын, же бүгүн, же эртең жазаланарын» эскерткен. Ал мурдагы жаратылыш ресурстары министри Динара Кутманованы мисал келтирип, анын «Кумтөрдөгү» ишин сынга алган.

Ташиевдин айтымында, бир жылда «Кумтөрдөн» бир катар долбоорлор үчүн 4 млн доллар бөлүнгөн, бирок бир дагы долбоордон натыйжа болгон эмес. Ташиев Кутманова өз балдарын, сиңдисин жана досторун ишке тартканын айткан. УКМКнын башчысы буга тиешелүүлөр жазасын аларын кошумчалаган.

Кийин Кутманова Ташиевдин айткандарын четке каккан. Кутманова өзү тууралуу туура эмес жана бир тараптуу маалымат жеткирилип жатканын айткан.

Ал «Кумтөрдүн» каржатына каржыланган 110 долбоордун натыйжасыз болгондугун да четке каккан. Ал өз жүйөсүн айтып бериш үчүн Ташиевге кайрылып, кабыл алуусун суранган.

Динара Кутманова министр болуп 2021-жылдын 13-октябрында дайындалган. Ага чейин Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болгон. Кийин бул мекеме жоюлуп, министрлик болуп кайра түзүлгөн.

2022-жылы министрлик аткаруу бийлигинин ишин мониторинг кылууда «төмөн» баа алган. Ал эми 2023-жылдын мартында Динара Кутманова мекеменин жетекчилик кызматынан алынган.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Коррупция». УКМК экс-министр Кутманованын жакындары менен кесиптештерин кармады

«Жоопкерчиликтен качыш үчүн спектакль». Президент экс-министр Кутманованын уулу Түркияда уурдалбаганын айтты