«Жоопкерчиликтен качыш үчүн спектакль». Президент экс-министр Кутманованын уулу Түркияда уурдалбаганын айтты

Президент Садыр Жапаров мурдагы жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманованын уулу Кемелбек Кутмановдун Түркияда уурдалбаганын айтты. Бул тууралуу ал 24-июлда «Кабар» агенттигине курган маегинде билдирди.

«Баласын эч кандай эч ким уурдап кетпептир. Мага да Динара айым ыйлап кайрылганынан чындап эле ишенип алыпмын. Дароо министрге чалдым. Чалсам "спектакль уюштуруп атышыптыр" дейт. Көрсө, жоопкерчиликтен качыш үчүн өздөрү уюштуруп коюшуптур», — деди өлкө башчысы.

Президенттин айтымында, Кутманов «Кумтөрдөн» жаратылышты жашылдандырууга деп бөлүнгөн акчалардын жок болушу боюнча айыпталып жатат.

«[Кутманованын] бир тууган сиңдиси дароо баарын ачык айтып чыкты. Кайсы акчалар каяка кеткен, кимиси канча акча алган жана башка баарын айтып көрсөтмө берди. Эми баласы келсе ал да сурак берет. Тергөө көрсөтөт. Таза болсо акталышат. Жеп койгон болсо төлөшөт. Коомчулукка баары ачык болот», — деп убадалады Жапаров.

Буга чейин, 22-июлда Ички иштер министрлиги да билдирүү таратып, Кемелбек Кутмановдун Түркияда уурдалганы тастыкталбаганын айткан.

Министрликтин маалыматына ылайык, 27-июнда Кемелбек Кутманов УКМК тарабынан издөөгө алынган. Ал эми 11-июлда Түркияда миграция кызматы тарабынан кармалган. Учурда аны депортациялоо маселеси каралууда.

Буга чейин экс-министр Түркиядагы уулун белгисиз бирөөлөр уурдап кетип, «Кыргызстандагы айрым адамдардын буйрутмасы» деп 2 миллион доллар талап кылышканын айтып чыккан.

Кутманова уулун уурдоо боюнча ишти Бишкек ШИИБнин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы Улан Айтбаев жетектегенин белгилеген. Анын айтымында, Айтбаев экс-министрге «уурдагандар баласын майып кылып койбосу үчүн бул тууралуу ЖМК жана коомчулукка билдирбөөнү» эскерткен.

Кутманова уулун ким, кимдин буйрутмасы менен уурдаганын аныктап берүү өтүнүчү менен ИИМге, Кыргызстандын Түркиядагы элчилигине жана ТИМге арыз менен кайрылган. Бирок эч кандай жооп алган эмес.

22-июлда УКМК Жаратылыш ресурстары министрлиги менен «Жаратылышты өнүктүрүү» фондундагы «коррупция» боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Кутманованын жалпы сегиз жакын адамдарын жана кесиптештерин кармаган.

Атайын кызмат «Жаратылышты өнүктүрүү» фондунда каражаттарды максатсыз пайдалануу, мыйзамсыз келишим түзүү жана Кутманованын үй-бүлөсү тарабынан акчаны кымырып алуу фактыларын аныктаган.

2021-жылы Бишкектин Октябрь райондук сотуна төрт жаран, анын ичинде Кемелбек Кутманов да «Кумтөр» кенин иштетүүдө Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнө кендин калдыктарын топтоону мыйзамсыз деп таанууну талап кылып кайрылган.

Натыйжада сот «Кумтөрдөн» алтын өндүргөн «Кумтөр Голд Компани» ишканасынан мамлекеттин пайдасына 261,7 млрд сом, андан тышкары, 1,3 млрд сом мамлекеттик алым төлөп берүүгө милдеттендирген.

Кутмановдун апасы Кутманова да 2013-жылы «Кумтөргө» экологияга келтирген зыяны үчүн доомат коюу керек деп айтып чыккан.

Ташиевдин эскертүүсү, Кутманованын жообу

20-июлда минкаб 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы чыгарган. Жыйында Ташиев коррупцияга аралашкандар «жазасыз калбай турганын, же бүгүн, же эртең жазаланарын» эскерткен. Ал мурдагы жаратылыш ресурстары министри Динара Кутманованы мисал келтирип, анын «Кумтөрдөгү» ишин сынга алган.

Ташиевдин айтымында, бир жылда «Кумтөрдөн» бир катар долбоорлор үчүн 4 млн доллар бөлүнгөн, бирок бир дагы долбоордон натыйжа болгон эмес. Ташиев Кутманова өз балдарын, сиңдисин жана досторун ишке тартканын айткан. УКМКнын башчысы буга тиешелүүлөр жазасын аларын кошумчалаган.

Кийин Кутманова Ташиевдин айткандарын четке каккан. Кутманова өзү тууралуу туура эмес жана бир тараптуу маалымат жеткирилип жатканын айткан.

Ал «Кумтөрдүн» каражатына каржыланган 110 долбоордун натыйжасыз болгондугун да четке каккан. Ал өз жүйөсүн айтып бериш үчүн Ташиевге кайрылып, кабыл алуусун суранган.

Динара Кутманова министр болуп 2021-жылдын 13-октябрында дайындалган. Ага чейин Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болгон. Кийин бул мекеме жоюлуп, министрлик болуп кайра түзүлгөн.

2022-жылы министрлик аткаруу бийлигинин ишин мониторинг кылууда «төмөн» баа алган. Ал эми 2023-жылдын мартында Динара Кутманова мекеменин жетекчилик кызматынан алынган.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Түркияда кармалган». ИИМ экс-министр Кутманованын уулу уурдалбаганын билдирди

«Коррупция». УКМК экс-министр Кутманованын жакындары менен кесиптештерин кармады

Мурдагы жаратылыш ресурстары министри Динара Кутманова Ташиевге жооп берди