Порномагнат Даниель Ажиевдин камактагы мөөнөтү 29-сентябрга чейин узартылды

Порномагнат, вебкам-бизнесмен Даниел Ажиевдин УКМКнын тергөө абак жайындагы камак мөөнөтү 29-сентябрга чейин узартылды. Бул тууралуу «Клоопко» Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди. 

Ажиев июндун башында Өзбекстандан БАЭге учуп кетердин алдында кармалган. Вебкам-студиялардын биринде иштеген оператор ал жакта иштеп жүргөндө администратор тараптан психологиялык басымга жана опузалоого кабылганын билдирип, бул үч студияны тинтүүгө негиз болгон. УКМК ал жерден 80 даана компьютер тапкан, компьютерлер аркылуу 300 оператор ар кандай сайтта интимдик мүнөздөгү кызмат көрсөтүп иштеген. 

Бизнесмен Даниел Ажиев 2018-жылы вебкам-студияларын уюштурууда «Порнографиялык мүнөздөгү буюмдарды таратуу жана сатуу» жана 2020-жылы интернетте кыргызстандыкты мазактаганы үчүн «Интернет тармагы аркылуу расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты козутуу» беренелери боюнча бир нече жолу кармалган.   

Ал 2018-жылы 30 миң сом айып төлөп, эркиндикке чыккан. Ал эми 2020-жылы акыл-эси жайында эмес деп табылып, ТИЗО-1ден Жалал-Абад облусундагы «Кызыл-Жар» республикалык психиатриялык ооруканасына которулган.

2022-жылы сот Даниел Ажиевди жашаган бери боюнча 6 айга амбулатордук дарыланууга коё берген

Автору: Салия Хурова.

Тема боюнча: Порномагнат атыккан Даниел Ажиев УКМК кармаганга чейин кандай турмушта жашаган?