«52,4 млн сом зыян». Жерге жайгаштыруу ишканасынын Жалал-Абаддагы кызматкерлери кармалды

«Кыргыз мамжердолбоорлоо» мамлекеттик ишканасынын Жалал-Абад облусундагы кызматкерлери «мыйзамсыз жер сатуу» жана «документти жасалмалоого» шектелип кармалды. Бул тууралуу 27-июлда УКМКдан кабарлашты.

Кармалган шектүүлөр. Сүрөт: УКМКнын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Сузактын Кызыл-Туу айылындагы жооптуу кызматкерлер «Кадастр» мекемесинин өкүлдөрү менен сүйлөшүп алышып, жасалма токтом менен турак-жай курууга 8 гектар жерди мыйзамсыз сатышкан. Кийин акчалай сыйлык үчүн жеке жактарга менчик укугу тууралуу акты жазып беришкен.

Ишти иликтөө учурунда жасалма корутундунун негизинде актыларды «Кыргыз мамжердолбоорлоо» ишканасынын Жалал-Абаддагы жерге жайгаштыруу бөлүмүнүн директору жана адиси бергени аныкталды.

«Алар корутундуда айыл чарба багытындагы жерледин категориясын курулуш үчүн атайылап өзгөртүп, жеке жактарга жер менчиги укугун берүү менен мамлекеттик бюджетке 52 миллион 440 миң сом зыян келтиришкен», — деп белгилешти атайын кызматтан.

Кармалган эки шектүү УКМКнын Жалал-Абад облусундагы тергөө абагына киргизилди. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.

Буга чейин Сузак районунун Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Мирланбек Калмаматов мыйзамсыз жер сатууга шектелип кармалган

Шектүү «Кадастр» мекемесинин Сузактагы кызматкерлери менен алдын ала макулдашып, жасалма токтомдор менен турак-жай куруу үчүн 6 гектардан ашык жер тилкесин мыйзамсыз бөлүп бергени аныкталган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Сузак: Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Калмаматов мыйзамсыз жер сатууга шектелип кармалды

«70 млн сомдук зыян». Ош прокуратурасы мэрия саткан жер боюнча иш козгоду