«70 млн сомдук зыян». Ош прокуратурасы мэрия саткан жер боюнча иш козгоду

«Кыргыз Текстиль ЛТД» ЖЧКсы куруп жаткан фабрика

Ош шаардык прокуратурасы мэрия 25 гектар жерди сатуу менен бюджетке 70 млн сом зыян келтиргенин аныктады. Бирок шаардык бийликтен келишим мыйзамдуу түзүлгөн деп ишендиришти.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, Жапалак айыл аймагынын Кең-Сай массивинде жайгашкан жер 2,5 млн сомго бааланып, түз сатуу жолу менен «Кыргыз Текстиль ЛТД» ЖЧКнын менчигине мыйзамсыз өткөрүлгөн.

Келишим 4-сентябрда түзүлгөн, бирок эки күндөн кийин «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Ош филиалы тарабынан жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акты берилген.

«Аталган жагдайларга карата Ош шаардык прокуратурасынын жүргүзгөн текшерүүсүндө жогоруда белгиленген жер аянтынын нарктык базар баасы 72 млн. сомду түзөөрү аныкталып, айрымасы болуп 69 млн. 500 миң сомго аз көрсөтүлгөн», — деп жазылат Башкы прокуратура тараткан билдирүүдө.

Ошондой эле, 2,5 млн сом бүгүнкү күнгө чейин шаардык бюджетке төлөнө электиги аныкталган. Мындан улам прокуратура «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүштү баштады.

Жер сатуу боюнча келешимге кол койгон вице-мэр Жасур Азимов мэриянын аракети мыйзамдуу болгон деп эсептейт. Анын айтымында, алар өкмөттүн №571 токтомуна таянып түз келишим менен жерди сатышкан. Ал эми жердин баасын тиешелүү кызмат адамдары баалап берген.

«Бардык процедуралар сакталып, мыйзам чегинде болгон. Ал жерден 70 млн эмес млрд сомдук киреше келип баштайт. Ишкерлерди колдоо деп жатабыз, ушундай текшерүү болгондо инвесторлор да качат да. Ал жерде 500 гектар жерибиз бар. Ал жерде эч кандай коммуникация жок, жер кайракы, суу, канализация да жок. Бардыгын өздөрү тартып жатышат», — деди Азимов.

Мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров «Кыргыз Текстиль ЛТД» ири долбоорду ишке ашырып жатат. Курулуш иштери бүтсө эки фабрикада 7 миңден ашуун жумушчу оруну түзүлөт.

«Мэриянын максаты ишканалардын шаарчасына айландыруу максаты болгон. Ишкерлерди колдоо максатында бул жерге экс-президент Сооронбай Жээнбеков да келип кеткен. Булар өздөрү 50 млн долларга чейин жумшайбыз деп айтышкандыктан жеңилдик берилген», — деди Абсаттаров.

Абсаттаров белгилегендей, жердин акчасы келишимде декабрга чейин төлөнүшү керек деп жазылган.

«Кыргыз Текстиль ЛТД» ЖЧКсы Нурбек Осмоновго таандык. Фабрика Осмонов түзгөн «Каганат инвест» жоопкерчилиги чектелген коомуна таандык. 9-сентябрда курулуш иштеринин жүрүшү менен экс-президент Сооронбай Жээнбеков өзү таанышкан. Ошол кезде 38 млн долларлык инвестиция тартылганы кабарланган.

Осмоновдор менен Матраимовдордун байланышы

Нурбек Осмонов агасы Айбек Осмонов менен бирге «Мекеним Кыргызстан» партиясынын негиздөөчүлөрүнүн бири болуп саналат. Партия 2015-жылдын 2-ноябрында негизделген. Ал 2019-жылы кайрадан катталган.

Бирок 4-октябрдагы парламенттик шайлоого Айбек Осмонов «Ыйман Нуру» партиясы менен аттанган. Ал эми «Мекеним Кыргызстан» Матраимовдордун кланына өткөн.

«Мекеним Кыргызстан» партиясын «Ихлас» курулуш компаниясы менен да байланыштырышкан. Ал байланыш партиянын негиздөөчүсү Айбек Осмоновдун бир тууганы болгон фирманын негиздөөчүсү Нурбек Осмонов аркылуу өткөн.

Матраимовдордун үй-бүлөсү курулуш компаниясы менен байланышы бар экенин четке каккан, анткен менен депутат Искендер Матраимов алардын үй-бүлөсүнө тиешелүү болгон жер участогунда «Ихлас» компаниясы имарат курганын айтканы бар. Мындан тышкары, депутаттын жубайы Минавар Жумаевага «Ош Плаза» фирмасы таандык, ал эми Ошто ушундай эле аталыштагы турак жай комплекси курулууда. Курулуш иштерин «Ихлас» компаниясы алып барган. Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча, курулуш участогу Райымбек менен Искендер Матраимовдордун бир тууганы — Чынара Матраимовага таандык.

Кийинчерээк ал партиянын шайлоого катышпоосу үчүн Матраимовдор тарабынан басым болгонун билдирген. Жыйынтыгында Айбек Осмонов бул партиядан да кетип, шайлоого катышпай турганын айткан. Бирок «Ыйман Нуру» баары бир шайлоого аттанган. Ошол эле учурда Нурбек Осмоновдун фабрикасында чоң өрт чыкканы белгилүү.