Бир кадр менен: Президент Жалал-Абад шаарындагы Сот адилеттиги үйүн ачты

Жалал-Абаддагы Сот адилеттиги үйү. Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Президент Садыр Жапаров Жалал-Абад шаарында Сот адилеттиги үйүн ачты. Бул тууралуу 27-июлда өлкө башчынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, адилеттик үйлөрү сот реформасынын алкагында, ар бир жарандын укугун коргоо үчүн сапаттуу шарттарды түзүү максатында курулууда.

Имаратта жети орган жайгашкан: облустук, шаардык, административдик соттор жана Жогорку сотко караштуу сот департаментинин облустагы башкармалыгы жана кызматтык бөлүмдөр.

«Жети органды бир имаратка жайгаштыруу менен курьердик чыгымдар жоюлуп, каражаты кыйла үнөмдөлөт. Ал эми тургундар үчүн “Бирдиктүү терезе” принцибиндеги шарт түзүлдү. Сот адилеттиги үйүнө бир күндө 350-400 жаран кирип, өтүнүч-арыздарын канааттандырып чыгуусу күтүлүүдө», — деп айтылат маалыматта. 

Жалал-Абадга Сот адилеттиги үйүн ачуу үчүн өткөн жылы университеттин үч кабаттуу имараты облустук сотко өткөрүлүп берилген. Ал жерди оңдоп-түзөөгө бюджеттен 40 миллионсом , ал эми президенттик резервден 14 миллион сом бөлүнгөн.

«Бөлүнгөн каражатка оңдоп-түзөө иштеринен сырткары, сот отуруму өтүүчү жайга эмеректерди алып, санариптик программалар судьялардын жана сот приставдарынын ишине кошулду. Майыптыгы бар жарандарга жана улгайган кишилерге шарттар түзүлдү», — деп айтылат билдирүүдө. 

Президент Садыр Жапаров ачылыш аземинде өлкөдө көз карандысыз сот адилеттигинин тутуму орношу зарыл экенин билдирди. Анын айтымында, сот реформасынын негизги максаты — сот системасы ачык-айкын болушу.

Буга чейин, үстүбүздөгү жылдын март айында Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында сот адилеттиги үйү ачылган. Ал чек арачылардын 500 орундуу казармасынын ордуна салынган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Караколдо Сот адилеттик үйү ачылды — анда үч сот жайгашты

Садыр Жапаров «Жогорку сот жөнүндөгү» мыйзамга кол койду