Күзүндө кытайлык врачтар Кыргызстанда катарактага каршы 600 акысыз операция жасашат

2023-жылдын сентябрында кытайлык врачтар «Экспресс ден соолук» долбоорунун алкагында кыргызстандыктарга көздүн катарактасына каршы 600 акысыз операция жасайт. Бул тууралуу 26-июлда Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова менен жолугушууда билдирди.

Бул долбоор Кытай Эл Республикасынын Саламаттыкты сактоо боюнча мамлекеттик комитетине караштуу Эл аралык кызматташтык борбору тарабынан ишке ашырылып жатат.

Кытай элчисинин айтымында, 300 операцияны Бишкекте, дагы 300үн Ошто жасоо пландалууда. Операциялар Улуттук госпиталдын жана Ош облустар аралык бириккен ооруканасынын базасында жүргүзүлөт.

Маалыматка ылайык, кытай тарап операцияга медициналык адистердин эки тобун тартат. Ошондой эле Ош облустар аралык бириккен ооруканасына офтальмологиялык бөлүмдүн кароо кабинетин уюштурууга акысыз тийиштүү медициналык жабдуулар берилет.

Өз кезегинде Саламаттык сактоо министрлигинин башчысы Кытайдын өкмөтүнө Кыргызстандын саламаттык сактоо системасын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Жолугушуунун аягында тараптар Кыргызстан менен Кытайдын саламаттык сактоо тармагында мындан ары да кызматташтыкты улантуунун маанилүүлүгүн белгилеп, «Экспресс ден соолук» долбоорунун ийгиликтүү ишке ашырылышына ишенимин билдиришти.

Көздүн катарактасы — офтальмологиялык оору, ал көздүн табигый күзгүсүнүн күңүрт тартышы менен мүнөздөлүп, көздүн көрүүсүнүн начарлашына алып келет.

Автору: Медина Шамшидинова.

Башкы бетке иллюстрациялык сүрөт коюлду: Piron Guillaume / Unsplash.