Кайгуул милиционерлери кайрадан боди камераларды алып жүрүүгө милдеттендирилет

ИИМ Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) инспекторлоруна төш камералары (боди камералар) берилерин билдирди. Ведомство аталган жабдык аркылуу кайгуул үчүн жоопкерчилик күчөтүлөрүн белгиледи. 

ИИМдин айтымында, бул камералар кызматкерлердин көкүрөк төшүнө же погондун астына орнотулуп, алардын кызмат өтөө учурундагы бардык кыймыл-аракеттери онлайн түрдө видео жана аудио форматта жазылып, ИИМдин жетекчилиги тарабынан көзөмөлдөнүп турат. 

«Кызматкерлерди жеке камералар менен камсыздоо алардын кызмат өтөө учурунда айдоочулар менен болгон мамилесин, мыйзамдуулуктун жана кызматтык тартиптин сакталышын, коррупциялык элементтерге жол бербөөсүн, чыр-чатак учурунда керектүү далил фактылардын жазылуусун, бөлүнгөн күзөт чарчыларынын кырдаалдык абалын жөнгө салуу үчүн керек», — деп айтылат министрликтин маалыматында. 

Ведомстводон бул камералар жоопкерчиликтен оңой кутулуу үчүн акча сунуштаган айдоочулардын да өң-түсү жана сүйлөгөңдөрү видео форматта жаздырылып, онлайн мониторинг аркылуу тийиштүү чаралар көрүлүп турарын кошумчалашты.

ИИМ боди камералардын бир бөлүгү ЖКККББнын Ысык-Көл жана Чүй облустарындагы кызматкерлерине берилгенин кошумчалады. Алдыда аталган камералар менен патрулдук милициянын башка бардык бөлүмдөрү да камсыздалат. 

Быйыл апрель айында ЖКККББнын башчысы Октябрь Урмамбетов өздүк курам абийирсиз, таза эмес иштеген жана кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарбаган кызматкерлерден тазаланарын жарыя кылган. Анда Чүй облусунун Сокулук жана Москва райондорунун беш инспектору коррупциялык көрүнүштөр үчүн иштен алынганы маалымдалган. 

Патрулдук милиция кызматкерлерин 2016-жылдан тартып эле боди камераларды тагып жүрүүгө милдеттендирүү аракети жүрүп келет, ал убакта Кайгуул кызматы менен МАИ бириктирилген болчу.