Бир кадр: Экс-мэр Иса Өмүркулов имаратын демонтаж иштеринен коргоп калууга аракет жасады

Бишкек шаарынын мурдагы мэри Иса Өмүркулов имаратына уланган курулушту Бишкек мэриясынын Октябрь районундагы демонтаж иштеринен коргоп калууга аракет кылды. Бул тууралуу 28-июлда Kaktus.media басылмасы билдирди

Муниципалдык кызматтын маалыматында, вице-мэр Нурдан Орунтаевдин төрагалыгы алдында  Байтик Баатыр көчөсүндөгү уруксатсыз кошумча курулмаларды бузуу иштери башталганы айтылат. Көп өтпөй бузуулар башталган жерге Өмүркулов келген. Өмүркулов имаратына уланган кошумча курулушту демонтаж кылуудан коргоого аракет кылганын Орунтаев өзү 24.kg басылмасына айтып берди

«Экөөбүз сүйлөштүк. Муну [демонтаждоо иштерин] өзү мэр болуп турганда жасоого тийиш болгонун, бүгүн ал калтырган жумуштарды биз жасап жатканыбызды айттым»,— деди Орунтаев. 

(Солдон оңду карай) вице-мэр Нурдин Орунтаев менен Иса Өмүркулов. Сүрөт: Мэриянын басма сөз кызматы. 

Мэриядан белгилешкендей, демонтаждоо иштеринин жүрүшүндө, Кулатов көчөсүнөн Горький көчөсүн чейинки аралыктагы жарнамалык конструкциялар алынып, жалпы аянты 180 чарчы метрди түзгөн 20 бастырма бузулду. 

Буга чейин мэрия муниципалдык аймакта мыйзамсыз орнотулган объектилер, өзүм билемдик менен салынган же курулуп жаткан имараттар менен курулуштар сүрдүрүлөрүн эскерткен болчу.  

Автору: Медина Шамшидинова